Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Наум 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Теңирдин Нинебиге каарданышы

    1:1 Нинеби тууралуу пайгамбарчылык. элкоштук Накумдун көрүнүш китеби.

    1:2 Теңир – кызганчаак, өч алуучу Кудай. Теңир – өч алуучу, Анын каары коркунучтуу: Теңир өзүнүн душмандарынан өч алат, Ал өзүнүн жоолорун аябайт.

    1:3 Теңир чыдамдуу, кудурети менен улуу, Ал жазасыз калтырбайт. Теңирдин жолу куюнда жана бороондо, булут – Анын таманынан чыккан чаң.

    1:4 Ал деңизге тыюу салат, ошондо ал кургап калат, бардык өзөндөр соолуп калат. Башан менен Кармел куурайт, Лебанондун гүлү соолуйт.

    1:5 Анын алдында тоолор титиреп турат, адырлар эрийт, Анын алдында жер, аалам жана анда жашагандардын баары титиреп турат.

    1:6 Анын каарына ким туруштук бере алат? Анын каарынын жалынына ким чыдай алат? Анын каары оттой чачырайт. Анын алдында аскалар жарылат.

    1:7 Теңир ырайымдуу, кайгы күнү Ал – баш паана, Ал өзүнө таянгандарды билет.

    1:8 Бирок баарын каптаган ташкыны менен Нинебини негизине чейин кыйратып салат, Анын душмандарына караңгылык түшөт.

    1:9 Силер Теңирге каршы эмнени ойлоп жатасыңар? Ал кырып жок кылат, алаамат экинчи жолу кайталанбайт,

    1:10 анткени тикенек сыяктуу өз ара чырмалышкандар жана аракечтер сыяктуу мас болгондор кургак самандай болуп таптакыр өрттөнүп кетишет.

    1:11 Сенден Теңирге каршы жамандык ойлогон, жаман кеңеш берген адам чыкты.

    1:12 Теңир мындай дейт: «Алар күчтүү жана өтө көп болушканына карабастан, кырылып жок болушат. Мен сени кыйнап келгем, мындан ары кыйнабайм.

    1:13 Мен эми сенин мойнуңдагы анын моюнтуругун талкалайм, сенин кишендериңди эзөм».

    1:14 Сен жөнүндө болсо, Ашур, Теңир мындай өкүм чыгарып койгон: «Мындан ары сенин ысымың менен атала турган тукумуң болбойт. Сенин кудайыңдын үйүнөн таш буркандарды жана жасалма кудайларды жок кылам, ал жерге сага мүрзө даярдайм, анткени сен жек көрүндүсүң».

    1:15 Мына, тынчтыкты кабарлаган жакшы кабарчынын буттары тоолордун үстүндө. өз майрамдарыңды майрамдай бер, Жүйүт, өз убадаларыңды аткара бер, анткени мындан ары сенин жериңден мыйзамсыз адам өтпөйт: ал таптакыр жок болду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск