Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 137

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    137-ЗАБУР

    Ыраазычылык билдирүү

    137:1 Дөөттүкү. Мен Сени бүт жүрөгүм менен даңктайм, кудайлардын алдында Сага ырдайм.

    137:2 Ыйык ийбадатканаңдын алдында башымды ием, ырайымың үчүн, чындыгың үчүн Сенин ысымыңды даңктайм, анткени Сен өз сөзүңдү өзүңдүн бардык ысымдарыңдан жогору койдуң.

    137:3 Сени чакырган күнү мени угуп, жаныма сергектик бердиң.

    137:4 Теңирим, жер жүзүндөгү бардык падышалар Сенин оозуңдан чыккан сөздөрдү укканда, Сени даңкташат.

    137:5 Алар Теңирдин жолдору жөнүндө ырдашат, анткени Теңирдин даңкы зор.

    137:6 Теңир жогоруда болсо да, момунду көрүп турат, текеберди алыстан тааныйт.

    137:7 үгерде башыма мүшкүл түшсө, Сен мени тирилтесиң, колуңду душмандарымдын каарына каршы сунасың, Сенин оң колуң мени сактап калат.

    137:8 Теңир мен үчүн бардыгын жүзөгө ашырат! Сенин ырайымың түбөлүктүү, Теңирим, өз колдоруң кылган иштерди таштаба.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск