Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 138

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    138-ЗАБУР

    Кудайдын кудуреттүүлүгү

    138:1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру. Теңир! Сен мени сынадың, баарын билесиң.

    138:2 Сен менин качан отуруп, качан турарымды билесиң; Сен менин ойлорумду алыстан эле билесиң.

    138:3 Басып бара жатсам да, эс алып жатсам да, Сен мени курчап турасың, Сага менин бардык жолдорум белгилүү.

    138:4 Мен айта электе эле, Сен, Теңирим, айтар сөзүмдү толугу менен билесиң.

    138:5 Мени артымдан да, алдымдан да курчап турасың, менин үстүмө өзүңдүн колуңду коёсуң.

    138:6 Бул билим мен үчүн таң каларлык, аны түшүнүү – мен үчүн кол жеткис бийиктик.

    138:7 Сенин Рухуңдан качып кайда барам, Сенин жүзүңдөн кайда качам?

    138:8 Асманга чыксам да, Сен ошол жердесиң; өлгөндөр жаткан жайга түшсөм да, Сен ошол жердесиң.

    138:9 Таңдын канатын алып, деңиздин кыйырына көчүп кетсем да,

    138:10 ошол жерде мени Сенин колуң жетелейт, мени Сенин оң колуң кармап турат.

    138:11 үгерде мен: «Мүмкүн, мени караңгылык жашырып калар, менин тегерегимдеги жарык караңгы болуп калар», – десем да,

    138:12 караңгылык мени Сенден жашыра албайт, түн да күндөй жарык: жарык кандай болсо, караңгы да ошондой.

    138:13 Анткени менин ички мүчөлөрүмдү Сен жараткансың, Сен мени энемдин ичинде токугансың.

    138:14 Мен Сени даңктайм, анткени мен таң каларлык жаратылгам. Сенин иштериң керемет, аны менин жаным толук түшүнөт.

    138:15 Мен жашыруун жаратылып жатканда, курсактын тереңинде пайда болуп жатканда, менин сөөктөрүм Сенден жашыруун эмес болчу.

    138:16 Мен жаңыдан түйүлдүк боло баштаганда эле, Сен мени көргөнсүң. Мен төрөлө электе эле, мага белгиленген күндөрдүн бири да боло электе эле Сенин китебиңде баары жазылып коюлган.

    138:17 Кудайым, Сенин ойлоруң мен үчүн кандай баалуу, алардын саны кандай көп!

    138:18 Мен аларды санай турган болсом, алар кумдан да көп. Мен ойгонгондо да, Сени мененмин.

    138:19 Оо Кудайым, кудайсызды жок кылсаң кана! Кан ичкичтер, менден алыс кеткиле!

    138:20 Алар Сага каршы жаман сөздөрдү сүйлөп жатышат. Душмандарың Сенин ысымыңды куру бекер эле атап жатышат.

    138:21 Теңирим, Сени жек көргөндөрдү мен кантип жек көрбөйм, Сага каршы чыккандардан мен кантип жийиркенбейм?

    138:22 Аларды аябай жек көрөм, алар – мага душман.

    138:23 Кудайым, мени сынап, жүрөгүмдү бил; мени сынап, ойлорумду бил.

    138:24 Кара, мен коркунучтуу жолдо эмесминби, мени түбөлүктүү жолдо жетектеп жүр.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск