Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 29

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    29-ЗАБУР

    өмүрүн сактап калгандыгы үчүн Кудайды даңктоо

    29:1 Дөөттүн забуру. Єйдү ыйыктап жаткандагы ыр.

    29:2 Мени тургузганың үчүн, душмандарымдын мага үстөмдүк кылуусуна жол бербегендигиң үчүн, Сени даңазалайм, Теңирим.

    29:3 Теңирим, Кудайым! өзүңдү чакырганымда, мени айыктырдың.

    29:4 Теңирим! Сен жанымды өлгөндөр жаткан жайдан алып чыктың, көргө кирбешим үчүн, мени тирилттиң.

    29:5 Теңирдин ыйыктары, Ага арнап ырдагыла, Анын ыйык ысымын даңктагыла.

    29:6 Анткени Ал көз ирмемге эле каарданат, ал эми ырайымы түбөлүк: кечинде – ый, эртең менен болсо – кубаныч.

    29:7 Мен бейкут жашап турганымда: «үч качан мүдүрүлбөйм», – дегем.

    29:8 Теңирим, өзүңдүн жакшы ниетиң менен тоомду бекем кылдың. Бирок жүзүңдү менден жашыргандыктан коркуп кеттим.

    29:9 Ошондо мен Сени чакырдым, Теңирим, Сага жалындым:

    29:10 «Көргө киргенде, менин канымдан кандай пайда? Топурак Сени даңктамак беле? Сенин чындыгыңды жарыяламак беле?

    29:11 Теңирим, кулак сал, ырайым кыл! Теңирим, мага жардам берүүчү бол».

    29:12 Сен менин кайгымды шаттыкка айланттың, үстүмдөгү зумбалды чечип, белимди кубаныч менен курчадың.

    29:13 Жаным Сени даңктасын, басылбасын. Теңир, Кудайым! Мен Сени түбөлүк даңктаймын.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск