Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 30

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    30-ЗАБУР

    Кудайга таянуу сыйынуусу

    30:1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.

    30:2 Теңир, Сага таянам, үч качан уятка калбайын, мени адилеттигиң боюнча куткар.

    30:3 Мага кулак сал, мени куткарууга шашыл. Мага таштай бекем чеп бол, мени сакташ үчүн, мага баш пааналай турган эй бол.

    30:4 Анткени Сен менин аска-зоомсуң, чебимсиң. өз ысымың үчүн мени жетеле, мени башкар.

    30:5 Мени жашыруун жайып коюшкан тордон чыгар, анткени Сен менин таянычымсың.

    30:6 Рухумду өз колуңа тапшырам. Теңир, чындыктын Кудайы, Сен мени куткардың.

    30:7 үч нерсеге жарабаган жалган кудайларга табынгандарды жек көрөм, бирок Теңирге таянам.

    30:8 Сенин ырайымыңа кубанам да шаттанам, анткени менин башыма түшкөн мүшкүлдү көрдүң, жанымдын кыйналганын билдиң.

    30:9 Мени душмандын колуна салып берген жоксуң, бутумду кең жерге койдуң.

    30:10 Мага ырайым кыл, Теңир, анткени кыйналып турам. Кайгыдан көздөрүм соолуп, жаным кыйналып, жүрөгүм сыздап жатат.

    30:11 өмүрүм кайгы менен өтүп бара жатат, жылдарым онтоо менен өтүүдө. Күнөөлөрүмдүн айынан алсырап калдым, сөөктөрүм кургады.

    30:12 Бүт душмандарымдын алдында шылдың болдум, атүгүл, кошуналарыма да күлкү болдум, тааныштарымдын көздөрүнө эң коркунучтуу көрүнүп калдым. Көчөдөн көргөндөр менден качышат.

    30:13 Мен эбак өлүп калган кишидей, адамдардын эсинен чыктым, талкаланган карападай болуп калдым.

    30:14 Анткени мен көптөрдөн жаман сөз угуп жүрөм, туш-туштан коркунуч каптады. Алар топтошуп алып, мени өлтүрүү үчүн, жамандык ойлоп жатышат.

    30:15 Ал эми мен, Теңир, Сага гана таянам жана: «Менин Кудайым Сенсиң», – дейм.

    30:16 Менин күндөрүм Сенин колуңда. Мени душмандарымдын колунан, куугунтукка алгандардан куткар.

    30:17 өз кулуңа өзүңдүн жарык жүзүңдү көрсөт, мени өз ырайымың менен куткар.

    30:18 Мен уятка калбайм, Теңир, анткени Сени чакырып жатам. Кудайсыздар болсо уят болушсун, алардын үнү өлгөндөр жаткан жайда басылсын.

    30:19 Адил адамдарга текебердик менен, жек көрүү менен жалаа жаап, жалган сүйлөгөндөр тилден калышсын.

    30:20 Сенде өзүңдөн корккондор үчүн сактап койгон, адам баласынын алдында өзүңө таянгандар үчүн даярдап койгон жакшы нерселер көп!

    30:21 Сен аларды адамдардын козголоңунан өз жүзүңдүн астына жашырасың, аларды ачуу тилден өз чатырыңда калкалайсың.

    30:22 Чептери бекем шаарда мага өзүнүн кереметтүү ырайымын көрсөткөн Теңирге даңк!

    30:23 Кыйналып турганымда: «Ал мени көз алдынан четке кагып койду», – деп ойлогон элем. Бирок мен Сени чакырганда, Сен менин сыйынуумду уктуң.

    30:24 Теңирдин адил адамдары, Аны сүйгүлө. Ишенимдүүлөрдү Теңир сактайт, менменсингендердин жазасын ашыгы менен берет.

    30:25 Теңирден эмүттөнгөндөрдүн баары, кайраттуу болгула, жүрөгүңөр бекем болсун!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск