Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 31

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    31-ЗАБУР

    Кечирим алуу

    31:1 Дөөттүн эйрөтүүсү. Мыйзамсыз иштери кечирилип, күнөөлөрү жабылган адам бактылуу!

    31:2 Күнөөсүн Теңир мойнуна салбаган жана куулугу жок адам бактылуу!

    31:3 Мен унчукпай койгондуктан, ар күнү кыйнала берип, денем алсырап калды.

    31:4 Анткени менин үстүмдөгү колуң күндүр-түндүр кыйнады. Кургакчылык убагындагыдай, өң-түстөн кеттим.

    31:5 Бирок мен Сага күнөөмдү ачык айттым, айыбымды жашырган жокмун: «Кылмыштарымды мойнума алып, Теңирге ачык айтайын», – дедим, ошондо Сен мени күнөөмдүн айыптоосунан куткардың.

    31:6 Ошон үчүн ар бир адил адам өз убагында Сага сыйынсын, ошондо ага суулардын ташкыны жетпейт.

    31:7 Сен менин баш паанегимсиң, Сен мени кайгыдан сактайсың, куткарылуу кубанычына бөлөйсүң.

    31:8 «Сени акылга келтирем, кайсы жол менен жүрүшүң керек болсо, ошол жолго салам, сени башкарып жүрөм, Менин көзүм сенин үстүңдө».

    31:9 «Баш ийдириш үчүн жүгөн, ооздук сала турган аттай, акылсыз качырдай болбогула».

    31:10 Кудайсызга көп кайгы, ал эми Теңирге таянганды ырайым курчап турат.

    31:11 Адил адамдар, Теңир менен кубангыла, көңүлүңөрдү ачкыла! Жүрөгү тазалар, шаттангыла!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск