Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 32

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    32-ЗАБУР

    Даңктоо ыры

    32:1 Адил адамдар, Теңир менен кубангыла! Аны мактоо адилдерге жарашат.

    32:2 Теңирди гусли чертип даңктагыла, Ага он кылдуу арфа чертип ырдагыла.

    32:3 Ага арнап жаңы ыр ырдагыла, Ага кубаныч менен уккулуктуу ырдагыла.

    32:4 Анткени Теңирдин сөзү чындык, Анын бардык иштери туура.

    32:5 Ал акыйкаттык менен адилеттикти сүйөт. Жер жүзү Теңирдин ырайымына толгон.

    32:6 Теңирдин сөзү менен асман, деми менен бардык асман күчтөрү жаралган.

    32:7 Ал деңиз сууларын эймөктөй чогултту, түпсүз туңгуюктарды сактагычтарда сактады.

    32:8 Бүт жер жүзү Теңирден корксун. Ааламда жашагандардын баары Анын алдында титиреп турсун.

    32:9 Ал эмне айтса, айтканындай болду; Ал эмне буйруса, буйруганындай болду.

    32:10 Теңир бутпарастардын кеңешин бузат, элдердин ойлорун жок кылат.

    32:11 Ал эми Теңирдин кеңеши түбөлүктүү; Анын жүрөгүндөгү ойлор укумдан-тукумга кетет.

    32:12 Теңир кайсы элдин Кудайы болсо, ошол эл бактылуу; Ал кайсы урууну өзүнө мурас кылып тандап алса, ошол уруу бактылуу.

    32:13 Теңир асмандан карап, бүткүл адам баласын көрүп турат.

    32:14 Ал өзү отурган тактыдан жерде жашагандардын баарын көрүп турат.

    32:15 Ал алардын бардыгынын жүрөгүн жараткан, алардын бардыгынын иштерин билет.

    32:16 Падыша сансыз аскери менен куткарыла албайт; алпты зор күчү сактай албайт.

    32:17 Куткарат деп, атка ишенүүгө болбойт, ал өзүнүн чоң күчү менен да куткара албайт.

    32:18 Мына, Теңирдин көзү өзүнөн корккондордун жана өзүнүн ырайымына таянгандардын үстүндө.

    32:19 Теңир алардын жанын өлүмдөн сактап каларына, ачарчылык убагында тойгузарына ишенишет.

    32:20 Жаныбыз Теңирге таянат. Ал биздин жардам берүүчүбүз, калканыбыз.

    32:21 Аны менен жүрөгүбүз кубанат, анткени биз Анын ыйык ысымына таянабыз.

    32:22 Сага таянгандыктан, ырайымың биздин үстүбүздө болсун, Теңир.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск