Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 33

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    33-ЗАБУР

    Кудайды ырайымы үчүн даңктоо

    33:1 Абы-Мелектин алдында келесоо болумуш болуп, андан кутулгандагы Дөөттүн забуру.

    33:2 Теңирди ар убакта мактаймын, оозумдан түшүрбөй даңктаймын.

    33:3 Жаным Теңир менен мактанат, аны момундар угуп кубанат.

    33:4 Мени менен бирге Теңирди мактагыла, Анын ысымын баарыбыз бирге даңазалайлы.

    33:5 Мен Теңирди издедим, ошондо Ал мени угуп, бардык коркунучтан куткарды.

    33:6 Ага кайрылгандардын көздөрү ачылды, алар уятка калышпайт.

    33:7 Азап чегип жаткан адам чакырганда, Теңир угуп, аны бардык азаптарынан куткарды.

    33:8 Теңирдин периштеси Кудайдан корккондорду курчап турат, аларды куткарат.

    33:9 Татып көргүлө, ошондо Теңирдин кандай жакшы экенин көрөсүңөр! Теңирге таянган адам бактылуу!

    33:10 Теңирден корккула, Кудайдын ыйыктары, анткени Кудайдан корккондор үч нерсеге муктаж болушпайт.

    33:11 Жаш арстандар жокчулуктун каарын тартып, ачка калышат, ал эми Теңирди издегендер үч бир жакшы нерседен кур калышпайт.

    33:12 Келгиле, балдарым, мени уккула. Силерге Теңирден коркууну эйрөтөм.

    33:13 үгерде адам жашагысы келсе, жыргал турмушту көрүп, узак өмүр сүргүсү келсе,

    33:14 анда тилин жаман сөздөн, оозун жалган сөздөн сактасын.

    33:15 Жамандыктан баш тартып, жакшылык кыл. Тынчтыкты издеп, ошого умтул.

    33:16 Теңирдин көздөрү адил адамдарды көрүп турат, кулагы алардын зар-муңун угат.

    33:17 Бирок Теңирдин жүзү жамандык кылгандарга каршы, алардын ысымын жер үстүнөн биротоло өчүрөт.

    33:18 Адил адамдар чакырганда, Теңир аларды угуп, бардык кыйынчылыктарынан куткарат.

    33:19 Теңир чын дилинен өкүнгөндөргө жакын, моюн сунгандарды куткарат.

    33:20 Адил адамдын кайгысы көп, бирок Теңир аны бардык кайгысынан куткарат.

    33:21 Ал анын бардык сөөктөрүн сактайт, бир да сөөгү сынбайт.

    33:22 Күнөөкөрдү жамандык өлтүрөт, адил адамды жек көргөндөр ойрон болушат.

    33:23 Теңир өз кулдарынын жанын куткарат, Ага таянгандардын бири да өлбөйт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск