Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 34

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    34-ЗАБУР

    Кудайдан жардам сурап сыйынуу

    34:1 Дөөттүн забуру. Теңир, мени менен күрөшкөндөр менен күрөш, мени менен согушкандар менен согуш.

    34:2 Калкан, соот алып, мага жардамга кел.

    34:3 Кылычыңды кынынан сууруп, мени кууп келе жаткандардын жолун торо. Менин жаныма: «Сенин куткаруучуң Менмин!» – деп айт.

    34:4 Мени өлтүргүсү келгендер уятка калышсын, шылдың болушсун. Мага жамандык каалагандар артына качып, абийири төгүлсүн.

    34:5 Алар шамал сапырган самандай болушсун, Теңирдин периштеси аларды кууп жиберсин.

    34:6 Алардын жолу караңгы жана тайгак болсун, Теңирдин периштеси аларды куугунтуктасын.

    34:7 Анткени алар мага себепсиз ор казышкан, тор жайышкан. Менин айыпсыз жаным үчүн көр казышкан.

    34:8 Ага күтүлбөгөн өлүм келсин, мага жашыруун жайган торуна өзү түшсүн, торуна өзү түшүп өлсүн.

    34:9 Ал эми менин жаным Теңир менен кубанат, Анын куткарганына шаттанат.

    34:10 Менин бүт сөөктөрүм: «Теңир! Күчсүздү күчтүүдөн сактаган, жарды менен жакырды каракчыдан куткарган Сендей ким бар?» – дейт.

    34:11 Жалган күбөлөр мага каршы чыгышты: мен билбегендерди сурап, суракка алышты.

    34:12 Жакшылыгым үчүн алар мага жамандык кылып, жанымды жалгызсыратышты.

    34:13 Мен алар ооруп жатканда, зумбал кийип, өз жанымды орозо кармап кыйнадым, башымды көтөрбөй, кайра-кайра сыйындым.

    34:14 Аларга досумдай, бир тууганымдай мамиле кылдым. энесине аза күткөн адамдай кайгыга батып, башымды шылкыйтып жүрдүм.

    34:15 А мен мүдүрүлүп кеткенде, алар кубанып, топтошо калышты; мени тилдегендер мага каршы чогулушту, мени эмне үчүн токтоосуз кордоп жатышканын билбейм.

    34:16 Алар эки жүздүүлөнүп, мени шылдыңдап, тиштерин кычыратышты.

    34:17 Теңир! Муну качанга чейин карап тура бересиң? Жанымды алардын кыянаттыгынан куткар, жалгыз жанымды арстандардын азуусунан куткар.

    34:18 Мен Сени чоң жыйында даңктайм, өтө көп элдин ортосунда даңазалайм.

    34:19 Мага себепсиз кас болуп жүргөндөр мени табалап карап турушпасын, мени айыпсыз жек көргөндөр табалап, бири-бирине көз кысышпасын.

    34:20 Анткени алар тынчтык жөнүндө сүйлөшүп жатышкан жок, тескерисинче, жерде тынч жашагандарга жамандык кылууну ойлонуштуруп жатышат.

    34:21 Мени карап алып: «Ии-и! Ии-и! өз көзүбүз менен көрүп жатабыз!» – деп табалап жатышат.

    34:22 Сен муну көрдүң, Теңир, унчукпай койбо. Менден алыстаба, Теңир.

    34:23 Кудайым, Теңирим, ордуңан тур, мени актоо үчүн, мени коргоо үчүн ойгон!

    34:24 Мени өзүңдүн акыйкаттыгың менен акта, Теңирим, Кудайым, алар мени табалашпасын.

    34:25 өз ичтеринен: «Ырас болду! Табабыз канды!» – дешпесин. «Биз аны жуттук», – дешпесин.

    34:26 Башыма кыйынчылык түшкөнүнө табасы канып кубангандар уятка калышсын, шылдың болушсун. Мага менменсингендердин абийири төгүлсүн, уят болушсун.

    34:27 Менин акталышымды каалагандар кубанып, салтанат куруп, тынбай: «өз кулуна тынчтык каалаган Теңир даңазалансын!» – дешсин.

    34:28 Менин тилим Сенин чындыгыңды жар салып, ар күнү Сени даңазалайт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск