Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 43

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    43-ЗАБУР

    өз элин коргоосун сурап Кудайга сыйынуу

    43:1 Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарынын эйрөтүүсү.

    43:2 Кудай, Сенин мурунку заманда, ата-бабаларыбыздын убагында эмне кылганыңды бизге ата-бабаларыбыз айтып беришкен, биз өз кулагыбыз менен укканбыз.

    43:3 Сен өз колуң менен элдерди талкаладың, аларды болсо жайгаштырдың. Урууларды талкалап, кууп чыгардың.

    43:4 Анткени алар жерге өз кылычы менен эү болушкан жок, аларды өздөрүнүн күчү куткарган жок, тескерисинче, аларды Сенин оң колуң, Сенин күчүң, Сенин жүзүңдүн жарыгы куткарды, анткени Сен аларга ырайым кылдың.

    43:5 Кудайым, Сен өзүң менин Падышамсың! Жакыпты куткар.

    43:6 Биз Сени менен душмандарыбызды сүзөбүз, Сенин ысымың менен бизге каршы чыккандарды тебелейбиз.

    43:7 Анткени мен өзүмдүн жаама да таянбайм, мени кылычым да куткарбайт.

    43:8 Бирок Сен бизди душмандарыбыздан куткарасың, бизди жек көргөндөрдү уят кыласың.

    43:9 Кудайды күн сайын мактайбыз, Сенин ысымыңды түбөлүк даңктайбыз.

    43:10 Бирок Сен азыр бизди таштап койдуң, уятка калтырдың, биздин аскерлер менен бирге чыкпай жатасың.

    43:11 Бизди душмандарыбыздан качууга мажбур кылдың, жек көргөндөр бизди талап-тоноп жатышат.

    43:12 Бизди койлордой кылып жеш үчүн салып бердиң, бизди элдер арасына чачып жибердиң.

    43:13 өз элиңди өтө арзан сатып жибердиң, анын баасын көтөргөн жоксуң.

    43:14 Бизди коңшуларыбызга шылдың кылдырдың, тегерегибизде жашагандарга күлкү кылдың, кордоттуң.

    43:15 Сен бизди эл арасында ылакап кылдың, бөтөн элдер баштарын чайкап, бизди күлкү кылышат.

    43:16 Күн сайын шылдың болом, уялганымдан бетим кызарат.

    43:17 Кордоочулар менен ушакчылардын сөздөрүнөн, душмандарым менен өч алуучулардын көздөрүнөн уялганымдан бетим кызарат.

    43:18 Ушунун баары башыбызга түштү, бирок биз Сени унуткан жокпуз, Сенин келишимиңди бузган жокпуз.

    43:19 Сен бизди чөөлөр жашаган жерде талкалаганда, бизге өлүм көлөкөсүн түшүргөндө,

    43:20 жүрөгүбүз артка бурулган жок, буттарыбыз Сенин жолуңдан чыккан жок.

    43:21 үгерде биз өз Кудайыбыздын ысымын унутуп койсок, колубузду башка кудайга сунсак,

    43:22 Кудай бизди ушул үчүн жазалабай коймок беле? Анткени Ал жүрөктөгү сырларды билет.

    43:23 Сен үчүн бизди күн сайын өлтүрүп жатышат. Биз алар үчүн мууздала турган койлор сыяктуубуз.

    43:24 Ордуңан тур, Теңир, эмнеге уктап жатасың, ойгон! Бизден биротоло баш тартып кетпе.

    43:25 үмне үчүн сен бизден өз жүзүңдү жашырып жатасың? эмне үчүн биздин кайгыбызды, эзилгенибизди унутуп жатасың?

    43:26 Анткени биздин жаныбыз топурактай тебеленди, ичибиз топуракка жабышып калды.

    43:27 Бизге жардамга кел, өз ырайымың үчүн бизди куткар.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск