Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 46

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    46-ЗАБУР

    Кудай – бүт жер жүзүнүн Падышасы

    46:1 Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарыныкы. Забур.

    46:2 Бардык элдер, кол чапкыла, Кудайды кубанычтуу эн менен чакыргыла!

    46:3 Анткени кудуреттүү Теңир коркунучтуу, Ал – бүт жер үстүндөгү улуу Падыша.

    46:4 Бизге элдерди баш ийдирди, урууларды бут алдыбызга жыкты.

    46:5 Ал бизге мурасты, өзү сүйгөн Жакыптын сыймыгын, тандап берди.

    46:6 Кудай кубанычтуу кыйкырыктардын коштоосунда, Теңир сурнайдын коштоосунда жогору көтөрүлдү.

    46:7 Биздин Кудайды мактап ырдагыла, ырдагыла. Биздин Падышаны мактап ырдагыла, ырдагыла.

    46:8 Анткени Кудай – бүт жер жүзүнүн Кудайы. Баарыңар түшүнүп ырдагыла.

    46:9 Кудай элдердин үстүнөн падыша болду; Кудай өзүнүн ыйык тактысына отурду.

    46:10 Бардык элдердин төрөлөрү Ыбрайымдын Кудайынын эли катары чогулду, анткени жердеги калкандар Кудайдыкы. Кудай алардын үстүнөн өтө бийик көтөрүлдү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск