Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-ЗАБУР

    үртең мененки сыйынуу

    5:1 Ырчылар тобунун башчысына. Єйлөмө аспаптар менен. Дөөттүн забуру.

    5:2 Теңир, сөздөрүмдү ук, ойлорумду түшүн.

    5:3 Муң-зарыма кулак сал, Падышам менин, Кудайым менин! Анткени мен Сага сыйынып жатам.

    5:4 Теңирим! Таң заардан үнүмдү ук, алдыңа эрте келип күтүп турам.

    5:5 Анткени Сен мыйзамсыздыкты сүйбөгөн Кудайсың. Жамандык кылган адам Сенин алдыңда тура албайт.

    5:6 Кудайсыздар көз алдыңда тура алышпайт: мыйзамсыз иш кылгандын бардыгын Сен жек көрөсүң.

    5:7 Жалган айткандарды Сен ойрон кыласың. Канкор менен калпычыдан Теңир жийиркенет.

    5:8 Мен болсо Сенин улуу ырайымың менен Сенин үйүңө кирем, Сенин ыйык ийбадатканаңды карап, Сенден коркуу менен таазим кылам.

    5:9 Теңир! Душмандарым үчүн мени чындык жолуңа сал, менин алдымдагы өзүңдүн жолуңду түздө.

    5:10 Анткени алардын оозунда чындык жок: алардын жүрөгү – бүлгүн, кекиртеги – ачык мүрзө, тилдери менен жасакерленишет.

    5:11 Кудай, аларды жазала, алар өздөрүнүн арам оюнан апат болушсун. Аларды көп мыйзамсыз иштери үчүн четке как, анткени алар Сага баш ийишкен жок.

    5:12 Сага таянгандардын бардыгы кубанычка бөлөнүп, түбөлүккө шаттанышат, Сен аларды коргойсуң. Сенин ысымыңды сүйгөндөр Сени менен мактанышат.

    5:13 Анткени Сен, Теңир, адил адамга батаңды бересиң, аны өзүңдүн ырайымың менен калкан сымал калкалайсың.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск