Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 55

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    55-ЗАБУР

    Кудайга таянуу сыйынуусу

    55:1 Ырчылар тобунун башчысына. Жат элдин арасында эндөбөгөн көгүчкөн жөнүндө. Дөөттүн пелиштиликтер Гатта кармап алганда жазган жазуусу.

    55:2 Ырайым кыл мага, Кудайым! Анткени мени жуткусу келген адам күнүгө мага кол салып, кысымга алып жатат.

    55:3 Мени душмандарым жуткусу келип, ар күнү издеп жүрүшөт. Анткени мага каршылар өтө көп, кудуреттүү Теңир!

    55:4 Мени коркунуч басканда, Сага таянам.

    55:5 Мен Кудайды сөзү үчүн даңктайм. Кудайга таянам, коркпойм. Адам мага эмне кыла алат?

    55:6 Ар күнү менин сөздөрүмдү тескери буруп алышат; алар мага каршы жамандык ойлошот:

    55:7 топтошуп, бекинип, менин жанымды тузакка түшүрүш үчүн, баскан изимди аңдышат.

    55:8 Кантип эле алар өздөрүнүн жалган иштери үчүн жазадан кутулуп кетишсин? Кудай, каарың менен бул элдерди талкала.

    55:9 Менин жер кезип жүргөн күндөрүм Сенде эсептелүү. Көз жашымды өз идишиңе куй. Алар Сенин китебиңде жазылган эмеспи?

    55:10 Мен Сени чакырганда, душмандарым артына качышат. Кудай мен тарапта экенин ошондон билем.

    55:11 Мен Кудайды сөзү үчүн даңктайм, мен Теңирди сөзү үчүн даңктайм.

    55:12 Кудайга таянам, коркпойм. Адам мага эмне кыла алат?

    55:13 Сага берген убадаларымды аткарам, Кудайым; Сага ыраазычылыгымды билдирем,

    55:14 анткени Сен менин жанымды өлүмдөн куткардың, Кудайдын алдында, тирүүлөрдүн арасында жүрүшүм үчүн, бутумду да мүдүрүлткөн жоксуң.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск