Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 56

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    56-ЗАБУР

    Кудайдан жардам сурап сыйынуу

    56:1 Ырчылар тобунун башчысына. Жок кылба. Дөөттүн Шабулдан үңкүргө качып барганда жазган жазуусу.

    56:2 Ырайым кыл мага, Кудайым, ырайым кыл мага, анткени менин жаным Сага таянат, кыйынчылык артта калганга чейин Сенин канатыңа корголой турайын.

    56:3 Мага ырайым кылуучу Кудайды, бардыгынан жогору турган Кудайды, чакырып жатам.

    56:4 Ал асмандан жардам жиберип, мени куткарат. Мени жутам деп издеп жүргөндү уятка калтырат. Кудай өз ырайымын жана чындыгын жиберет.

    56:5 Менин жаным арстандардын арасында. Мен оозунан жалындаган от чыккандардын арасында, тиштери жебе менен найза болгон, тилдери жалаңдаган кылыч болгон адамдардын арасында жатам.

    56:6 Кудайым, даңкың асмандан да жогору көтөрүлсүн, Сенин даңкың бүт жер үстүндө болсун!

    56:7 Менин бутума тузак даярдап коюшту; жаным кыйналды. Алдыма аң казышты, бирок ага өздөрү түшүп калышты.

    56:8 Жүрөгүм даяр, Кудайым, жүрөгүм даяр: ырдаймын да даңктаймын.

    56:9 Ойгон, даңкым, арфа менен гусли, ойгон! Мен эрте турам.

    56:10 Теңирим, Сени элдердин арасында даңазалайм, Сени уруулар арасында даңктап ырдайм.

    56:11 Анткени Сенин ырайымың асманга чейин жетет, Сенин чындыгың булуттарга чейин жетет.

    56:12 Кудайым, даңкың асмандан да жогору көтөрүлсүн, Сенин даңкың бүт жер үстүндө болсун!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск