Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 57

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    57-ЗАБУР

    Мыйзамсыздарды жазалоосун сурап Кудайга сыйынуу

    57:1 Ырчылар тобунун башчысына. Жок кылба. Дөөттүн жазуусу.

    57:2 Чыны менен эле, чындыкты айтып жатасыңарбы, силер, соттор; адилет соттоп жатасыңарбы, адам уулдары?

    57:3 Жүрөгүңөрдө мыйзамсыздык кылып жатасыңар, жерде колуңар менен кылган кыянат иштерди таразага коюп жатасыңар.

    57:4 Кудайсыздар төрөлгөндөн баштап эле түз жолдон чыгышат, энесинин курсагынан чыккандан тартып эле жалган айтып адашышат.

    57:5 Алардын уусу жыландын уусундай, кулагын жаап алган керең, уулуу жыландын уусундай.

    57:6 Ал арбоочунун сөздөрүн, эң эле мыкты арбоочунун арбоосун да укпайт.

    57:7 Кудай! Алардын оозундагы тиштерин талкала, арстандардын жаактарын сындыр, Теңир!

    57:8 Алар агын суудай агып жок болушсун, алар сынган жебелерге окшоп калышсын.

    57:9 Yлүлдөй болуп бараткан жеринен жок болушсун, бойдон түшкөн баладай, күндү көрбөй калышсын.

    57:10 Казаныңар күйүп жаткан тикенектин табын сезгенче, анын күйбөгөнүн да, күйгөнүн да куюн учуруп кетсин.

    57:11 Кудайдын алардан өч алганын көргөндө, адил адам кубанат, буттарын кудайсыздардын канына жууйт.

    57:12 Ошондо адам: «Чыны менен эле, адил адам өз жемишин алат! Жер үстүндө жазалай турган Кудай бар!» – дейт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск