Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 54

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    54-ЗАБУР

    Достору сатып кеткен адамдын сыйынуусу

    54:1 Ырчылар тобунун башчысына. Кыл аспаптар менен. Дөөттүн эйрөтүүсү.

    54:2 Оо Кудай, менин сыйынуумду ук, менин жалбарган үнүмдү укпай койбо.

    54:3 Мени тыңша, мага кулак сал. Кайгыдан кыйналып онтоп жатам,

    54:4 душмандын үнүнөн, кудайсыздын кысымынан коркуп жатам. Анткени алар мага каршы мыйзамсыз иштерди жасап жатышат, каарданып, кастык кылып жатышат.

    54:5 Жүрөгүм титиреп жатат, мени өлүм коркунучу каптады.

    54:6 Мени коркунуч менен калтырак басты, эрөйдү учурган коркунуч каптады.

    54:7 Ошондо мен мындай дедим: «Ким мага көгүчкөндүкүндөй канат берет? Мен учуп чыгып, тынч алар элем.

    54:8 Алыска учуп кетип, эүн чөлдө жашар элем.

    54:9 Куюндан, бороондон жашынганга шашылар элем».

    54:10 Теңир, аларды талкала, аларды ар кандай тилдерге бөл, анткени мен шаарда болуп жаткан зордук-зомбулукту, чыр-чатакты көрүп жатам.

    54:11 Алар күн-түн дебей, шаар дубалдарын айланып жүрүшөт. Шаар ичинде – кыянатчылык менен кыйынчылык.

    54:12 Анын дал ортосунда – бүлгүн-чапкын. Шаардын көчөлөрүнөн алдамчылык менен эки жүздүүлүк кетпейт.

    54:13 Анткени мени шылдыңдап жаткан адам душманым эмес, аны мен көтөрмөкмүн. Мага менменсинип жаткан адам мени жек көргөн адам эмес, андан мен качып кутулмакмын:

    54:14 бирок ошол сенсиң, жандай көргөн досум, жакын адамым.

    54:15 Сен экөөбүз чын жүрөктөн сырдашчу элек, Кудайдын үйүнө бирге барчу элек.

    54:16 Алардын түбүнө өлүм жетсин, алар өлгөндөр жаткан жайга тирүүлөй түшсүн, анткени алардын үйүндө, алардын арасында кыянаттык бар.

    54:17 Ал эми мен Кудайды чакырам, ошондо Теңир мени куткарат.

    54:18 үртең менен да, түштө да, кечинде да жалынып жалбарам, ошондо Ал менин үнүмдү угат.

    54:19 Ким менин жанымды мага каршы чыккандардан тынчтык менен куткарат, анткени мага каршылар көп.

    54:20 Кылымдардан бери тактыда отурган Кудай угуп, аларды моюн сундурат, анткени аларда үч өзгөрүү жок, алар Кудайдан коркушпайт.

    54:21 Алар өздөрү менен тынч жашагандарга кол салып, өздөрүнүн келишимин бузушту.

    54:22 Алардын ооздору майдан да жумшак, бирок жүрөктөрүндө – кастык. Сөздөрү зайтун майынан да жумшак, бирок өздөрү – кындан суурулган кылыч.

    54:23 өз түйшүктөрүңдү Теңирге тапшыр, ошондо Ал сени колдойт. Ал адилеттүү адамдын олку-солку болуусуна үч качан жол бербейт.

    54:24 Кудайым, Сен аларды өлүм оруна түшүрөсүң, канкорлор менен кара ниеттер өмүрүнүн жарымын да жашабайт. Ал эми мен, Теңир, Сага гана таянам.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск