Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 61

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    61-ЗАБУР

    Кудайга таянуу

    61:1 Жедутундуку боюнча. Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.

    61:2 Менин жаным Кудайдан гана тынчтык табат. Мени Ал гана куткарат.

    61:3 Бир гана Ал менин чебим, куткаруучум, тирегим, ошондуктан мен жыгылбайм.

    61:4 Качанкыга чейин жалгыз адамды куугунтуктай бересиңер? Баарыңар урайын деп калган дубалга, кыйшайып калган тосмого окшоп жерге кулайсыңар.

    61:5 Алар аны тактыдан кулатууну ойлоп, жалаа жабышты. Алар оозу менен бата беришет, бирок жүрөгүндө каргашат.

    61:6 Жаным, Кудайдан гана тынчтык тап! Анткени мен бир гана Андан эмүт кылам.

    61:7 Бир гана Ал менин чебим, куткаруучум, тирегим, ошондуктан мен жыгылбайм.

    61:8 Менин куткарылуум да, даңкым да Кудай. Менин бекем чебим да, баш калкалар жайым да Кудай.

    61:9 Адамдар! Ар убакта Кудайдан эмүттөнгүлө. Жүрөгүңөрдөгүнү Анын алдына төккүлө, анткени Кудай биздин баш калкалар жайыбыз.

    61:10 Адам уулдары – болгону, жел; атактуу адамдар – закым. эгерде аларды таразага тартса, баары биригип желден жеңил.

    61:11 Талоончулукка таянбагыла, уурдап алганыңар менен менменсинбегиле. Байлыгыңар көбөйгөн сайын, жүрөгүңөр байлыкка байланбасын.

    61:12 Кудай мага бир жолу айтты, мен эки нерсени: күч Кудайда экенин,

    61:13 ырайым да Сенде экенин уктум, Теңир, анткени Сен ар бир адамга ишине жараша тиешелүүсүн бересиң.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск