Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 72

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    72-ЗАБУР

    Кудайсыздардын убактылуу жыргал турмушу

    72:1 Асаптын забуру. Кудай Ысрайылга, жүрөгү тазаларга кандай ырайымдуу!

    72:2 Менин бутум тайгаланып кете жаздады, таманым тайып кете жаздады.

    72:3 Анткени кудайсыздардын жыргал турмушун көрүп, акылсыздарга суктандым.

    72:4 Анткени алар өмүрүнүн аягына чейин азап тартышпайт, күч-кубаттуу.

    72:5 Алар башка адамдардай мүэнет кылышпайт, башка адамдардай кыйынчылык көрүшпөйт.

    72:6 Ошондуктан алар текебердикти шурудай тагынып, зулумдукту кийимдей кийип алышкан.

    72:7 Семирип көздөрүн май басып калган, алардын жүрөгү ар кандай ойлорго толгон.

    72:8 Алар бардыгын кордошот, жалган ушак таратышат, менменсинип сүйлөшөт.

    72:9 Алардын ооздору асманга каршы сүйлөйт, тилдери жер үстүндө басып жүрөт.

    72:10 Ошондуктан Анын эли да аларды эүрчип, чөйчөк толо суу ичишет.

    72:11 Алар: «Кудай кантип билмек эле? Бардыгынан жогору турган Кудай баарын билеби?» – дешет.

    72:12 Ушул кудайсыздар бул дүйнөдө жыргап, байлыктарын көбөйтүп жатышат.

    72:13 «Анда мен жүрөгүмдү бекер эле тазаладымбы? Колумду айыпсыздыгым менен бекер эле жуудумбу?

    72:14 Күн сайын өзүмдү бекер эле жараладымбы, күнүгө эртең менен өзүмдү бекер эле ашкереледимби?»

    72:15 Бирок: «Мен ушундай ойлойм», – десем, анда Сенин уулдарыңдын тукумунун алдында күнөөкөр болмокмун.

    72:16 Муну кандай түшүнсө болот деп ойлодум,

    72:17 бирок бул мага Кудайдын ыйык жайына киргенге чейин жана алардын акыр аягын түшүнгөнгө чейин кыйын көрүндү.

    72:18 Сен аларды тайгак жолго койгонсуң, акыры түпсүз туңгуюкка кулатасың.

    72:19 Алар күтүлбөгөн жерден бүлгүнгө учурап, коркунучтардан өлүп жок болушту!

    72:20 Теңирим, Сен аларды түш көрүп жатып ойгонгондой кылып ойготосуң, ой-максаттарын талкалайсың.

    72:21 Жүрөгүм күйүп, ичим кайнап-бышып жатканда,

    72:22 мен акылсыз элем, түшүнчү эмес элем; сенин алдыңда мал сыяктуу элем.

    72:23 Бирок мен ар дайым Сени мененмин. Сен мени оң колумдан кармап турасың.

    72:24 Сен мени өз кеңешиң менен жетектеп турасың, анан мени даңкың менен кабыл аласың.

    72:25 Асманда мага Сенден башка ким керек? Жерде да мага Сенден башка үч нерсенин кереги жок.

    72:26 Денем да, жүрөгүм да алсырады, бирок жүрөгүмдүн жөлөгү, түбөлүк элүшүм – Кудай.

    72:27 Анткени Сенден алыстагандар өлүп жатышат; өзүңдөн баш тарткандардын баарын Сен жок кылып жатасың.

    72:28 Мага болсо Кудайга жакындаган жакшы! Кудай-Теңирди өзүмө баш калкалар жай кылдым. Сенин бардык иштериңди жарыя кылам.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск