Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 71

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    71-ЗАБУР

    Падыша жөнүндө сыйынуу

    71:1 Сулайманга. Оо Кудай! Падышага өзүңдүн калыстыгыңды, падышанын уулуна өз адилеттигиңди бер.

    71:2 Ал Сенин элиңди, жакырларыңды сотто адилет соттосун.

    71:3 Адамдарга тоолор тынчтык, адырлар чындык алып келсин.

    71:4 Ал элдин жакырларын туура соттосун, кедейлердин балдарын сактасын, зулумдарды тыйсын.

    71:5 Күн менен ай турганда, муундан муунга Кудайдан коркушсун.

    71:6 Ал чабылган шалбаага жааган жамгырдай жаасын, жер сугарган тамчылардай тамсын.

    71:7 Анын күндөрүндө адил адам гүлдөйт, асмандагы ай жок болгончо, тынчтык өкүм сүрүп турат.

    71:8 Ал деңизден деңизге чейинки жерди жана дарыядан жердин акырына чейинки аймактарды эүлейт.

    71:9 Анын алдына чөл эли жыгылып таазим кылат, анын душмандары топурак жалашат.

    71:10 Таршыш менен аралдардын падышалары ага алым беришет. Аравия жана Шеба падышалары тартууларды алып келишет.

    71:11 Ага бардык падышалар таазим кылышат, бардык элдер кызмат кылышат.

    71:12 Анткени ал жардам сурап кыйкырып жаткан жакырды жана жардам берүүчүсү жок эзилгенди куткарат.

    71:13 Кедей менен жакырга ырайым кылат, байкуш кедейлердин жанын куткарат.

    71:14 Алардын жанын кара ниеттерден, зордук-зомбулуктан куткарат, анын көз алдында алардын каны кымбатка турат.

    71:15 Ал жашайт, ага Аравиянын алтындарын берип турушат, ал үчүн тынымсыз сыйынып турушат, ага ар күнү бата берип турушат.

    71:16 Жерде да, тоодо да түшүм мол болот. Анын жемиштери Лебанон токоюндай шуудурайт, шаарларда эл жердеги чөптөй көбөйөт.

    71:17 Анын ысымы түбөлүккө сакталат. Асмандагы күн жок болгончо, анын ысымы муундан муунга айтыла берет. Ал аркылуу элдер бата алышат. Бардык элдер ага алкыш айтышат.

    71:18 Кудай-Теңир, Ысрайылдын Кудайы, кереметтерди жасаган жалгыз өзү даңктала берсин!

    71:19 Анын даңктуу ысымы даңкталсын, бүт жер жүзү Анын даңкына толсун. Оомийин, оомийин!

    71:20 Жышай уулу Дөөттүн сыйынуулары бүттү.

    YЧYНЧY КИТЕП

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск