Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 70

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    70-ЗАБУР

    Карыганда коргоосун сурап Кудайга сыйынуу

    70:1 Мен Сага таянам, Теңирим, түбөлүккө уятка калбайм.

    70:2 Мени өз адилеттигиң менен куткар, мени бошот. Мага кулак сал, мени куткарып кал.

    70:3 Мен ар дайым жашына ала турган бекем чеп бол. Мени куткарууну өзүң буйругансың, анткени Сен менин аска-зоомсуң, коргонор сепилимсиң.

    70:4 Оо Кудай, мени кудайсыздын, мыйзамсыздын, тоноочунун колунан куткар.

    70:5 Анткени Сен менин эмүтүмсүң, Теңирим, Кудайым, жаш кезимден бери Сен менин таянычымсың!

    70:6 энемдин курсагында жатканымда эле Сага таянчумун. Мени энемдин курсагынан өзүң чыгардың. Сени тынбай даңктайм.

    70:7 Көпчүлүк үчүн мен таң калтырарлык жан болдум, бирок Сен менин бекем эмүтүмсүң.

    70:8 Сенин улуулугуңду ар күнү даңазалап ырдаш үчүн, оозум мактоо ырларына толсун.

    70:9 Картайганымда, менден баш тартпа, алдан-күчтөн тайыганымда, мени таштап салба.

    70:10 Анткени душмандарым мага каршы сүйлөшүшөт, мени өлтүргүсү келип аңдып тургандар өз ара кеңешип жатышат.

    70:11 «Кудай аны таштап салды, артынан түшүп кармап алгыла, анткени анын куткаруучусу жок», – дешет.

    70:12 Кудай! Менден алыстаба. Кудай! Мага тезирүүк жардам бер.

    70:13 Мага душман болгондор уятка калып жок болушсун. Мага жамандык издегендер шылдың болуп, абийири төгүлсүн.

    70:14 Мен болсо ар дайым Сенден эмүттөнөм, Сени кайра-кайра даңктай берем.

    70:15 Менин оозум ар күнү Сенин чындыгыңды, Сенин улуу иштериңди жарыя кылат, мен аларды санай албайм.

    70:16 Теңирдин кудурети жөнүндө ойго батам. Сенин чындыгыңды, бир гана Сенин чындыгыңды эске салам.

    70:17 Оо Кудай! Мени жаш кезимден бери эйрөтүп келе жатасың, азыркыга чейин Сенин кереметтериңди жарыя кылып келе жатам.

    70:18 Кудайым, мени карыганымда да, чачым агарганда да калтырба. Сенин күчүңдү ушул тукумга, Сенин кудуретиңди келе жаткан тукумга жарыя кылганча, мени таштаба.

    70:19 Оо Кудай, адилеттигиң асманга жетет, Сен улуу иштерди жасадың. Оо Кудай, Сага ким тең келе алат?

    70:20 Сен менин башыма оор кайгыны көп салдың, бирок кайрадан тирилтип алдың, жердин түбүнөн кайра чыгардың.

    70:21 Сен мени көтөрүп тургансың, мени сооротуп тургансың.

    70:22 Ошондуктан мен Сени, Кудайым, Сенин чындыгыңды арфа чертип даңктайм. Гусли менен Сени мактап ырдайм, оо Ысрайылдын ыйык Кудайы!

    70:23 Сен жөнүндө ырдап жатканда, оозум да, өзүң куткарып алган жаным да кубанат.

    70:24 Менин тилим да ар күнү өзүңдүн чындыгыңды жарыя кылат, анткени мага жамандык издегендер уятка калышты, шылдың болушту.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск