Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 73

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    73-ЗАБУР

    үлди куткаруусун сурап Кудайга сыйынуу

    73:1 Асаптын эйрөтүүсү. Кудайым, эмнеге бизден биротоло баш тарттың? эмнеге өз жайытыңдагы койлорго каарың кайнады?

    73:2 үзелтен бери өзүңө алган, өзүңө энчи кылып сатып алган элиңди, өзүң жашаган Сион тоосун үсте!

    73:3 Түбөлүк урандыларды аралап өт. Душман ыйык жайдагы бардык нерселерди талкалады.

    73:4 Ыйык чогулуш өтчү жерде душмандарың чуу салып жүрүшөт. Биздин белгилерибиздин ордуна өз белгилерин коюп алышкан.

    73:5 Алар өздөрүн дарактардын чырмалышкан бутактарына балта көтөргөндөрдөй көрсөтүштү.

    73:6 Азыр да Сенин үйүңдөгү оюм-чийимдерди балталар менен, балкалар менен бир заматта кыйратышты.

    73:7 Алар өзүңдүн ыйык жайыңды өрттөп жиберишти; өзүңдүн ысымың турган эйдү таптакыр булгашты.

    73:8 Алар жүрөктөрүндө: «Буларды таптакыр талкалайбыз», – деп, Кудайдын жердеги ыйык жайларын бүт бойдон өрттөштү.

    73:9 Биз өзүбүздүн белгилерибизди көрбөй калдык, пайгамбарларыбыз да жок, арабызда бул канча убакытка созуларын билген киши да жок.

    73:10 Кудай, Сага качанга чейин акарат келтире берет? Душман Сенин ысымыңа дайыма эле тил тийгизе береби?

    73:11 үмне үчүн өзүңдүн колуңду, өзүңдүн оң колуңду тартып алдың? Аларды өзүңдүн жүрөгүңдөн сууруп алып, арабыздан жок кыл.

    73:12 Кудайым, жер ортосуна куткарылуу алып келген кылымдардан берки Падышам!

    73:13 өз күчүң менен деңизди бөлдүң, суудагы жыландардын баштарын талкаладың.

    73:14 Сен лебийатандын башын талкалап, чөлдөгү адамдарга тамак кылып бердиң.

    73:15 Булак чыгарып, өзөндөрдү агыздың, шаркырап аккан дарыяларды соолуттуң.

    73:16 Күн да Сеники, түн да Сеники. Айды, жылдыздарды жана күндү Сен жараттың.

    73:17 Жердин чек араларын бөлдүң, кыш менен жайды жараттың.

    73:18 Ошондуктан үстегин: душман Теңирге тил тийгизип, акылсыз адамдар Сенин ысымыңды жек көрүп жатышат.

    73:19 өз көгүчкөнүңдүн жанын жырткычтарга салып бербе, бечара элиңди таптакыр унутуп койбо.

    73:20 өз келишимиңди кара, анткени жердеги караңгы жерлердин баары зордук-зомбулук жайына толуп кетти.

    73:21 үзилген адам шылдың болуп кайтып келбесин, кедей менен жакыр Сенин ысымыңды даңктасын.

    73:22 Оо Кудай, ордуңдан туруп, өз ишиңди корго, акылсыз адамдын Сени күн сайын шылдыңдаганын үсте.

    73:23 Душмандарыңдын кыйкырыгын унутпа. Сага каршы көтөрүлгөндөрдүн ызы-чуусу тынымсыз күчөп бара жатат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск