Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 87

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    87-ЗАБУР

    Оор кайгыдан куткаруусун сурап Кудайга сыйынуу

    87:1 Ыр. Забур. Корактын уулдарыныкы. Ырчылар тобунун башчысына, махалат күү аспабы менен. эйман эзрахинин эйрөтүүсү.

    87:2 Теңирим, менин куткаруучу Кудайым! Күндүр-түндүр Сенин алдыңда боздоп ыйлайм.

    87:3 Менин сыйынуум Сенин алдыңа жетсе экен. Менин жалбаруума кулак сала көр.

    87:4 Анткени менин жаным кайгыга батты, өмүрүм өлгөндөр жаткан жайга жакындап калды.

    87:5 Мен көргө киргендерге окшоп калдым, мен күчү жок адамдай болуп калдым.

    87:6 Сен унутуп койгон, Сенин колуң таштап койгон, өлүктөр арасына ташталган, табытта жаткан, өлтүрүлгөн адамга окшоп калдым.

    87:7 Сен мени өлгөндөр жаткан жайга, караңгылыкка, туңгуюкка түшүрдүң.

    87:8 Менин үстүмдөгү каарың мени кыйнады, Сен мени өзүңдүн бүт толкундарың менен кыйраттың.

    87:9 Сен мени жакындарымдан алыстаттың, мени аларга жийиркеничтүү кылдың. Мен туткундамын, чыга албай жатамын.

    87:10 Көзүм кайгыдан тунарды: күн бою Сени чакырдым, Теңирим, Сага колдорумду сундум.

    87:11 Сен өлгөндөргө керемет көрсөтмөк белең? өлгөндөр туруп, Сени даңкташмак беле?

    87:12 Сенин ырайымың мүрзөдө айтылмак беле? Сенин чындыгың чириген жерде айтылмак беле?

    87:13 Сенин кереметтериңди караңгылыкта билишмек беле? Сенин чындыгыңды унутулгандардын жеринде билишмек беле?

    87:14 Ошондой болсо да, Теңирим, мен Сени чакырам, менин таң заардагы сыйынуум Сени тосуп алат.

    87:15 үмне үчүн, Теңир, менин жанымды таштадың? эмне үчүн менден өз жүзүңдү жашырасың?

    87:16 Мен бактысызмын, жаш чагымдан эле кыйналып келе жатам. Сен берген кыйынчылыктарды көтөрүп жүрүп, алсырап бара жатам.

    87:17 Сенин каарың менин үстүмдөн өттү. Сенин эрөйдү учурган коркунучтарың мени кыйратты.

    87:18 Алар мени ар күнү суудай курчап жатышат; баары чогулуп, мени тегеректеп жатышат.

    87:19 Мени чыныгы досумдан алыстаттың, тааныштарым көрүнбөйт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск