Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 88

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    88-ЗАБУР

    Дөөт менен түзүлгөн келишим

    88:1 үйтан эзрахинин эйрөтүүсү.

    88:2 Теңирим, Сенин ырайымыңды түбөлүккө ырдайм, чындыгыңды укумдан-тукумга өз оозум менен жар салам.

    88:3 Мен мындай деп айтам: Сенин ырайымың түбөлүккө негизделген, асманга өз чындыгыңды орноттуң да, мындай деп айттың:

    88:4 «Мен өзүмдүн тандап алган адамым менен келишим түздүм, өз кулум Дөөткө ант бердим:

    88:5 Сенин тукумуңду түбөлүккө бекемдейм, тактыңды укумдан-тукумга орнотом».

    88:6 Теңирим, асман да Сенин кереметтүү иштериңди даңктайт, Сенин чындыгыңды ыйыктардын жыйынында айтат.

    88:7 Анткени асманда Теңирге тең келер ким бар? Кудайдын уулдарынын арасында Теңирге окшош ким бар?

    88:8 Кудай ыйыктардын улуу жыйынында коркунучтуу, Ал өзүнүн тегерегиндегилердин бардыгына коркунучтуу.

    88:9 Теңир, Себайот Кудай! Теңирим, Сендей күчтүү ким бар? Акыйкатың өзүңдүн тегерегиңде.

    88:10 Сен деңиздин каарына бийлик кыласың; анын толкундары жогору көтөрүлгөндө, Сен аларды басасың.

    88:11 Сен Раапты байкуш кылып басынттың, душмандарыңды өзүңдүн кудуреттүү күчүң менен чачыратып жибердиң.

    88:12 Асман да, жер да Сеники, ааламды жана андагы бардык нерселерди Сен негиздедиң.

    88:13 Түндүк менен түштүктү Сен жараттың. Табор менен Хермон Сенин ысымыңды укканда кубанат.

    88:14 Сенин билегиң күчтүү, Сенин колуң кубаттуу, Сенин оң колуң жогору көтөрүлгөн!

    88:15 Адилеттик жана чындык – өз тактыңдын негизи. Ырайым менен чындык Сенин алдыңда жүрөт.

    88:16 Сурнай үнүн тааныган эл бактылуу! Алар Сенин жүзүңдүн жарыгы астында жүрүшөт, Теңирим.

    88:17 Күн сайын Сенин ысымың менен кубанышат, Сенин чындыгың менен жогору көтөрүлүшөт,

    88:18 анткени алардын күчү да, даңкы да Сенсиң, Сенин жакшы ниетиң боюнча биздин мүйүзүбүз көккө көтөрүлөт.

    88:19 Биздин калканыбыз – Теңирден, биздин падышабыз – Ысрайылдын Ыйыгынан.

    Кудайдын Дөөткө берген убадалары

    88:20 Бир жолу Сен көрүнүштө өзүңдүн ыйыгыңа мындай дедиң эле: «Мен эр жүрөккө жардам бердим, эл ичинен тандалганды жогору көтөрдүм.

    88:21 Мен өз кулум Дөөттү таптым, аны өзүмдүн ыйык зайтун майым менен майладым.

    88:22 Менин колум аны менен болот, Менин күчүм ага күч берет.

    88:23 Душман аны жеңе албайт, мыйзамсыз адам кыса албайт.

    88:24 Душмандарын көз алдында талкалайм, аны жек көргөндөрдү кыйратам.

    88:25 Менин чындыгым да, Менин ырайымым да аны менен, Менин ысымым менен анын мүйүзү көккө көтөрүлөт.

    88:26 Анын колун деңизге салам, оң колун дарыяларга салам.

    88:27 Ал Мени: “Сен менин атамсың, Кудайымсың жана куткаруучу аскамсың”, – деп чакырат.

    88:28 Мен аны тун уулум кылып, жердеги падышалардан жогору коём.

    88:29 Ага көрсөткөн өзүмдүн ырайымымды түбөлүк сактайм, Менин аны менен түзгөн келишимим бузулбайт.

    88:30 Анын тукуму түбөлүк жашайт, анын тактысы асман жок болгончо турат.

    88:31 үгерде анын уулдары Менин мыйзамымды таштап, Менин осуяттарымды сакташпаса,

    88:32 Менин мыйзамдарымды бузуп, Менин осуяттарымды аткарышпаса,

    88:33 анда Мен аларды өздөрүнүн мыйзамсыздыгы үчүн темир таяк менен жазалайм, аларга өздөрүнүн күнөөлөрү үчүн сокку урам.

    88:34 Бирок Мен аны өз ырайымымдан ажыратпайм жана өз чындыгымды өзгөртпөйм.

    88:35 Мен өз келишимимди бузбайм жана оозумдан чыккан сөзүмдү өзгөртпөйм.

    88:36 Бир жолу Мен өзүмдүн ыйыктыгым менен ант бергем: Дөөткө калп айтпайм.

    88:37 Анын тукуму түбөлүк жашайт, анын тактысы Менин алдымда күн сыяктуу турат.

    88:38 Ай сыяктуу кылымдар бою асманда ишенимдүү күбө болуп бекем турат».

    Жеңилген падышанын ыйы

    88:39 Бирок азыр Сен өзүңдүн майланганыңдан баш тартып, аны жек көрүп, ага каарданып жатасың.

    88:40 өз кулуң менен түзгөн келишимиңди четке кактың, анын таажысын жерге кулаттың.

    88:41 Анын бардык тосмолорун талкаладың, анын сепилдерин урандыга айландырдың.

    88:42 Жолдон өткөндөрдүн баары аны талап жатышат. Ал өзүнүн коңшуларына күлкү болду.

    88:43 Сен анын душмандарынын оң колун жогору көтөрдүң, анын бардык кас душмандарын кубанттың.

    88:44 Сен анын кылычынын мизин тескери караттың, ага майданда күч берген жоксуң.

    88:45 Аны даңктан ажыраттың, тактысын жерге кулаттың.

    88:46 Анын жаштык күндөрүн кыскарттың, уятка калтырдың.

    Куткаруусун сурап Кудайга сыйынуу

    88:47 Теңирим, качанга чейин жашына бересиң? Түбөлүккө жашынасыңбы? Качанга чейин каарың от болуп жана берет?

    88:48 Менин өмүрүмдүн кыскалыгын үстечи. Сен адам баласын кандай түйшүккө жараттың эле?

    88:49 Адамдардын арасынан ким жашап, бирок өлүмдү көрбөй калды экен? Ким өз жанын өлгөндөр жаткан жайдын колунан куткарып алды экен?

    88:50 Мурунку ырайымдарың кайда, Теңирим? Сен Дөөткө өз чындыгың менен ант бербедиң беле.

    88:51 Теңирим, өз кулдарыңдын көргөн кордугун үстечи, мен күчтүү элдердин баарынан кордук көрүп жатам.

    88:52 Сенин душмандарың мени кордоп жатышат! Теңирим, өзүңдүн майлаганыңдын баскан издерин жаманатты кылып жатышат!

    88:53 Теңирге түбөлүккө даңк! Оомийин, оомийин!

    ТөРТYНЧY КИТЕП

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск