Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 89

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    89-ЗАБУР

    Мусанын ыры

    89:1 Кудайдын кишиси Мусанын сыйынуусу.

    89:2 Оо Теңир! Сен биздин түбөлүктүү баш калкалар жайыбызсың.

    89:3 Тоолор жаралганга чейин эле, өзүң жер менен ааламды жаратканга чейин эле, кылымдар мурун эле Сен Кудай болчусуң.

    89:4 Сен адамды алдан тайдырып: «Адам баласы, кайрадан топуракка кайт!» – дейсиң.

    89:5 Анткени Сенин көз алдыңда миң жыл кечүү эле өтүп кеткен күндөй, түнкү күзөт убагындай.

    89:6 Сен аларды сел алгандай алып кетесиң. Алардын өмүрү түш сыяктуу; алардын жашоосу эртең менен өсүп чыгып, гүлдөп, көгөрүп, кечинде чабылып, кургап калган чөп сыяктуу.

    89:7 Анткени биз Сенин каарыңдан жок болобуз, Сенин жаалыңдан дүрбөлөңгө түшөбүз.

    89:8 Сен биздин мыйзамсыз иштерибизди өзүңдүн алдыңа, жашыруун күнөөлөрүбүздү өз жүзүңдүн жарыгынын алдына койдуң.

    89:9 Биздин бардык күндөрүбүз Сенин каарыңдын астында өттү. Биз өз жылдарыбызды эн сыяктуу жоготтук.

    89:10 Биздин өмүр жашыбыз – жетимиш жыл, ал эми күч-кубаттуу болсок – сексен жыл. Анын эң сонун учуру – эмгек жана оору. Анткени өмүрүбүз зуулдап тез өтөт.

    89:11 Сенин каарыңдын күчүн ким билет? Сен каарданганда, аларга эмне кыларыңды ким билет?

    89:12 Акылдуу болушубуз үчүн, өлө тургандыгыбыз жөнүндө ойлоно жүргөндү эйрөт.

    89:13 Теңирим, бизге кайрыл! Качанга чейин ушинте бересиң? өзүңдүн кулдарыңа ырайым кыл.

    89:14 Бизди өзүңдүн ырайымыңа эртерүүк тойгуз, ошондо биз өмүрүбүз өткөнчө кубанычка, шаттыкка бөлөнөбүз.

    89:15 Сен бизди жабыркаткан күндөрүң үчүн, азапка салган жылдарың үчүн кубандыр.

    89:16 өз кулдарыңа өз иштериңди көрсөт, алардын балдарына өз даңкыңды көрсөт.

    89:17 Кудай-Теңирибиздин ырайымы биздин үстүбүздө болсун. Биздин иштерибизге ийгилик бер, биздин колдон чыккан иштерге ийгилик бер!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск