Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 90

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    90-ЗАБУР

    Бардыгынан жогору турган Кудайдын үйү

    90:1 Бардыгынан жогору турган Кудайдын үйүндө жашаган, кудуреттүү Кудайды далдаа кылган адам Теңирге:

    90:2 «Мен таянган Кудай менин баш калкалар жайым, менин чебим!» – дейт.

    90:3 Ал сени аңчынын торунан жана айыкпас дарттан куткарат.

    90:4 Ал сени өзүнүн канаттары менен калкалайт, Анын канаттарынын астында коопсуз болосуң. Анын чындыгы – калкан жана коргон.

    90:5 Түнкү коркунучтардан, күндүзгү учкан жебелерден,

    90:6 караңгылыкта жүргөн каргашадан, чак түштө кырган жугуштуу оорудан коркпойсуң.

    90:7 Жаныңда миң, оң жагыңда он миң кырылып жатса да, сага жакындабайт.

    90:8 өз көзүң менен карап гана турасың, кудайсыздардын жазаланганын көрөсүң.

    90:9 Анткени сен: «Менин тирегим – Теңир», – дегенсиң. Бардыгынан жогору турган Кудайды өзүңө баш калкалар жай кылып тандап алгансың.

    90:10 Сен үч кандай жамандык көрбөйсүң, үйүңө жугуштуу оору жолобойт.

    90:11 Анткени Ал өз периштелерине сени бардык жолдоруңда коргоп жүрүүнү буйруйт.

    90:12 Бутуңду ташка уруп албашың үчүн, алар сени колдоруна көтөрүп кетишет.

    90:13 Уулуу жылан менен арстанды бутуң менен басасың, жаш арстан менен ажыдаарды тебелейсиң.

    90:14 «Мени сүйгөндүгү үчүн, аны куткарам, коргойм, анткени ал Менин ысымымды таанып билди.

    90:15 Мени чакырганда, аны угам. Башына кыйынчылык түшкөндө, Мен аны менен бирге болом. Аны куткарам, даңктайм.

    90:16 Анын өмүрүн узун кылам, ага өзүмдүн куткаруумду көрсөтөм».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск