Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Откровение 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    үки жырткыч

    13:1 Мен деңиздин жүүгиндеги кум үстүндө туруп, деңизден чыгып келе жаткан жырткычты көрдүм. Анын жети башы, он мүйүзү, мүйүздөрүндө болсо он таажы, ал эми баштарында Кудайды жамандаган ысымдар бар эле.

    13:2 Мен көргөн ал жырткыч илбирске окшош экен. Анын буттары аюунукундай, оозу арстандыкындай экен. Ажыдаар ага өзүнүн күчүн, тактысын жана улуу бийлик берди.

    13:3 Мен ал жырткычтын бир башынын оор жарадар экенин көрдүм, бирок ал оор жаракат айыгып калды. Бүт жер жүзү таң калып, жырткычтын артынан эүрчиди. Алар жырткычка бийлик берген ажыдаарга таазим кылып жатышты.

    13:4 «Бул жырткычка ким тең келе алат? Аны менен ким салгылаша алат?» – деп, алар жырткычка табынып жатышты.

    13:5 Ага текеберденип сүйлөгөн жана Кудайды жамандаган ооз берилди, ошондой эле ага өз бийлигин колдонууга кырк эки ай берилди.

    13:6 Ошондо ал Кудайды, Анын ысымын, Анын жашаган жайын жана асманда жашагандарды жамандоо үчүн оозун ачты.

    13:7 Ага ыйыктар менен согушуп, аларды жеңүүгө жол берилди. Ага бардык уруулардын, элдердин, тилдердин, улуттардын үстүнөн бийлик берилди.

    13:8 Жер үстүндө жашагандардын бардыгы, ысымдары дүйнө жаралганда эле союлган Козунун өмүр китебине жазылбаган адамдар ага таазим кылышат.

    13:9 Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун.

    13:10 Ким бирөөнү туткундаса, ал өзү туткундалат. Ким кылыч менен бирөөнү өлтүрсө, ал өзү да кылычтан өлөт. Бул жерде ыйыктардын чыдамкайлыгы жана ишеними керек.

    13:11 Анан мен жерден чыгып келе жаткан башка жырткычты көрдүм. Анын козунукундай эки мүйүзү бар экен, бирок ал ажыдаардай сүйлөйт экен.

    13:12 Ал биринчи жырткычтын алдында анын бүт бийлиги менен иш жүргүзүп, бүт жер жүзүн жана анда жашагандардын баарын оор жаракаты айыккан биринчи жырткычка таазим кылууга мажбурлайт.

    13:13 Ал улуу кереметтерди көрсөтөт. Атүгүл, адамдардын көз алдында асмандан жер үстүнө от да түшүрөт.

    13:14 Ага жырткычтын алдында кереметтерди жасоого бийлик берилген. Ал ошол кереметтери менен жер үстүндө жашагандарды азгырып, аларга: «Кылычтан жаракат алып, бирок тирүү калган жырткычтын айкелин жасагыла», – деп айтат.

    13:15 Жырткычтын айкели сүйлөшү үчүн, өз ишин жүргүзүп, өзүнүн айкелине табынбаган ар бир адамды өлтүрүшү үчүн, ага анын айкелине рух киргизүүгө бийлик берилди.

    13:16 Ал чоңго да, кичинеге да, байга да, жакырга да, эркин адамга да, кулга да – бардыгынын оң колуна же чекесине белги салдырат.

    13:17 Ошондо ушул белги: же жырткычтын ысымы, же анын ысымын билдирген сан коюлбаган адамга сатууга же сатып алууга болбойт.

    13:18 Бул жерде акылмандык керек. Кимдин акылы бар болсо, ал жырткычтын санын эсептеп алсын, анткени бул – адамдын саны. Бул сан – алты жүз алтымыш алты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск