Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Откровение 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Аял жана ажыдаар

    12:1 Асмандан улуу жышаан: күн жамынган аял көрүндү. Анын бутунун астында ай, башында он эки жылдыздуу таажы бар экен.

    12:2 Ал кош бойлуу болгондуктан, төрөт азабынан кыйналып, кыйкырып жатты.

    12:3 Асмандан дагы бир жышаан: жети башы, он мүйүзү, жети таажысы бар чоң кызыл ажыдаар көрүндү.

    12:4 Ал өзүнүн куйругу менен асмандагы жылдыздардын эчтөн бир бөлүгүн жерге шыпырып түштү. Ажыдаар наристени төрөлөрү менен жеп салуу үчүн, төрөр маалы келип калган аялдын алдына келип турду.

    12:5 Аял бардык элдерди темир таяк менен кайтара турган эркек бала төрөдү. Бала Кудайдын жана Анын тактысынын жанына көтөрүлүп кетти.

    12:6 Аял болсо чөлгө, Кудай даярдап койгон жерге, качып кетти. Анткени ал жерде ал бир миң эки жүз алтымыш күн багылышы керек эле.

    12:7 Анан асманда согуш чыкты: Михаел жана анын периштелери ажыдаарга каршы согушушту, ажыдаар жана анын жин-перилери тигилерге каршы согушушту,

    12:8 бирок жеңилип калышты, аларга андан ары асманда орун жок эле.

    12:9 Ошентип, чоң ажыдаар – бүткүл ааламды азгырган, шайтан жана ибилис деп аталган байыркы жылан жерге кулатылды, аны менен кошо жин-перилери да кулатылды.

    12:10 Анан мен асмандан мындай деп сүйлөгөн катуу эндү уктум: «Биздин Кудайыбыздын куткаруу иши иш жүзүнө ашты, Анын күчү көрүндү, Анын падышачылыгы орноду, Анын Машайагы бийликти колуна алды, анткени биздин бир туугандарыбызды Кудайдын алдында күндүр-түндүр жамандаган ушакчы жерге кулатылды.

    12:11 Алар аны Козунун каны менен, өздөрүнүн күбөлөндүрүүсү менен жеңишти. Алар өз өмүрлөрүн аяшкан эмес, өлүмгө баш байлашкан.

    12:12 Ошондуктан, асман жана анда жашагандар, кубангыла! Бирок жер үстүндө жана деңизде жашагандарга кайгы! Анткени шайтан өз убагынын аз калганын билип, силерге катуу каары менен түштү!»

    12:13 Ажыдаар өзүнүн жерге кулатылганын көргөндө, эркек бала төрөгөн аялдын артынан сая түштү.

    12:14 Ошондо чөлдөгү ордуна качып кетиши үчүн, аялга чоң бүркүттүн эки канаты берилди. Ага жыландан алыс жерде бир мезгил, мезгилдер жана жарым мезгил кам көрүлдү.

    12:15 Аялды агызып кетиши үчүн, анын артынан жылан өзүнүн оозунан чоң суу коё берди.

    12:16 Бирок аялга жер жардам берди. Ал өзүнүн оозун ачып, ажыдаар коё берген сууну жутуп алды.

    12:17 Ошондо ажыдаар аялга аябай ачууланып, аялдын башка балдары менен – Кудайдын осуяттарын аткарган, Ыйса Машайактын күбөлөндүрүүсүнө эү балдары менен согушууга жөнөдү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск