Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Откровение 15

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    15-БөЛЄМ

    Жети периште жана жети алаамат

    15:1 Анан мен асмандан башка жышаанды, улуу жана таң каларлык жышаанды, көрдүм: акыркы жети алааматты алып жүргөн жети периште көрүндү. Бул алааматтар менен Кудайдын каары басылат экен.

    15:2 Анан мен от менен аралашкан, айнектей болгон деңизди көрдүм. Жырткыч жана анын бейнеси менен, анын белгиси жана анын ысымын билдирген сан менен болгон күрөштө жеңип чыккандар ушул айнек деңиздин үстүндө Кудайдын гуслисин кармап турушуптур.

    15:3 Алар Кудайдын кулу Мусанын жана Козунун ырын ырдап жатышты: «Бардыгын кармап туруучу Кудай-Теңир, Сенин иштериң улуу жана кереметтүү! элдердин Падышасы, Сенин жолдоруң туура жана адилеттүү!

    15:4 О, Теңир, Сенден коркпогон ким бар, Сенин ысымыңды даңктабаган ким бар? Анткени бир гана Сен ыйыксың. Бардык элдер Сенин алдыңа келип, баш ийип таазим кылышат, анткени Сенин адилеттүү иштериң айкын болду».

    15:5 Андан кийин мен асмандагы ийбадаткананын – күбөлүк чатырынын ачылганын көрдүм.

    15:6 Ийбадатканадан жети алааматты алып жүргөн жети периште чыкты. Алар зыгыр кездемеден тигилген, таза жана жаркыраган кийим кийип, көкүрөгүн алтын кур менен курчап алышыптыр.

    15:7 Төрт тирүү жандыктын бири жети периштеге түбөлүк жашоочу Кудайдын каары толтурулган жети алтын чөйчөктү берди.

    15:8 Ошондо ийбадаткана Кудайдын даңкы менен күчүнөн улам түтүнгө толду. Жети периштенин жети алааматы бүткөнгө чейин, ийбадатканага үч ким кире алган жок.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск