Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Откровение 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-БөЛЄМ

    Кудайдын каары толтурулган жети чөйчөк

    16:1 Анан мен ийбадатканадан чыккан катуу эндү уктум, ал эн жети периштеге: «Баргыла, Кудайдын жети чөйчөктөгү каарын жерге төккүлө», – деди.

    16:2 Биринчи периште барып, өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн жерге төктү. Ошондо жырткычтын белгисин койдурган, анын бейнесине табынган адамдарга жугуштуу жана жийиркеничтүү ириңдүү жаралар чыкты.

    16:3 үкинчи периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн деңизге төктү. Ошондо деңиз суусу өлгөн адамдын канындай болуп калды, деңиздеги тирүү жандыктын бардыгы өлдү.

    16:4 Yчүнчү периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн дарыяларга жана булактарга төктү. Ошондо алар канга айланды.

    16:5 Анан мен суулардын периштесинин мындай деп сүйлөгөнүн уктум: «Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон Теңир, Сен адилетсиң жана ыйыксың, анткени Сен туура өкүм чыгардың.

    16:6 Алар ыйыктардын жана пайгамбарлардын канын төгүштү. Ошон үчүн Сен аларга кан ичирдиң, алар ошого татыктуу».

    16:7 Анан мен курмандык чалынуучу жайдан мындай деп сүйлөгөн эндү уктум: «Ооба, бардыгын кармап туруучу Кудай-Теңир, Сенин өкүмдөрүң туура жана адилет».

    16:8 Төртүнчү периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн күнгө төктү. Ошондо күнгө адамдарды от менен күйгүзүүгө бийлик берилди.

    16:9 Адамдар катуу ысыкка күйүп, ушул алааматтардын үстүнөн бийлиги бар Кудайдын ысымына тил тийгизип жатышты. Алар тобо кылышкан жок, Аны даңкташкан жок.

    16:10 Бешинчи периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн жырткычтын тактысына төктү. Ошондо анын падышачылыгын караңгылык каптады. Адамдар оор азаптан кыйналып, тилдерин тиштешти,

    16:11 өздөрүнүн тарткан азабы жана жаралары үчүн асмандагы Кудайга тил тийгизип жатышты. Алар өздөрүнүн иштери үчүн өкүнүп тобо кылышкан жок.

    16:12 Алтынчы периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн улуу эфрат дарыясына төктү. Ошондо күн чыгыштан келе турган падышаларга жол даяр болуш үчүн, дарыя соолуп калды.

    16:13 Анан мен ажыдаардын, жырткычтын жана жалган пайгамбардын оозунан курбакага окшогон үч таза эмес рух чыкканын көрдүм.

    16:14 Бул рухтар – жышаандарды көрсөткөн жиндердин рухтары. Алар бүт дүйнөнүн падышаларына барып, аларды бардыгын кармап туруучу Кудайдын улуу күнүндө боло турган согушка чогултуп келишет.

    16:15 «Мен ууру сыяктуу күтүлбөгөн жерден келем. Сергек жүргөн жана жылаңач калып уят болбош үчүн, өзүнүн кийимдерин сактап жүргөн адам бактылуу».

    16:16 Ал рухтар падышаларды эврейче Армагедон деп аталган жерге чогултушту.

    16:17 Жетинчи периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн абага төктү. Ошондо асмандагы ийбадатканадагы тактыдан «Аткарылды!» деген катуу эн чыкты.

    16:18 Чагылган чартылдап, күн күркүрөп, дабыштар чыгып, катуу жер титирөө болду. Адамдар жер үстүндө жашагандан бери мындай катуу жер титирөө болуп көргөн эмес. Бул ушунчалык катуу жер титирөө эле.

    16:19 Ошондо улуу шаар үч бөлүккө бөлүндү, бутпарастардын шаарлары кулады. өзүнүн каары толтурулган шарап чөйчөгүн берүү үчүн, Кудай улуу Бабылды эсине алды.

    16:20 Ошондо аралдардын баары жок болуп кетти, тоолор да жер менен жексен болду.

    16:21 Асмандан адамдардын үстүнө салмагы бир талант болгон мөндүр жаады. Ошондо адамдар мөндүр алааматы үчүн Кудайга тил тийгизишти, анткени мөндүр алааматы аябай оор эле.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск