Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Песнь Песней 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    8:1 Оо, сен менин энемдин эмчегин эмген бир тууганым болсоң кана! Көчөдөн жолукканымда, мен сени өпкүлөмөкмүн, бирок мени айыпташмак эмес.

    8:2 Мен сени энемдин үйүнө жетелеп келмекмин. Сен мени окутмаксың, мен болсо сага жыттуу шараптан жана өзүмдүн анар ширемден ичирмекмин.

    8:3 Сүйгөн жигитимдин сол колу башымдын астында болсун, ал эми оң колу мени кучактап жатсын».

    8:4 «Иерусалим кыздары! өзү кааламайынча, сүйгөн кызымды ойготпогула, тынчын албагыла!»

    Алтынчы ыр

    8:5 «өзүнүн сүйгөн жигитине жөлөнүп чөлдөн чыккан бул ким?» «Мен сени алма бактын түбүнөн ойготтум, ошол жерде сени энең төрөгөн, сени төрөгөн аял ошол жерде төрөгөн.

    8:6 Сен мени жүрөгүңө мөөр баскандай басып ал, колуңа шакектей кылып салып ал. Анткени сүйүү өлүмдөй күчтүү, кызганыч өлгөндөр жаткан жайдай коркунучтуу, анын жебеси – оттуу жебе, ал – өтө күчтүү жалын.

    8:7 Сүйүүнү чоң суулар да өчүрө албайт, дарыялар каптай албайт. Адам сүйүү үчүн үйүндөгү бүт байлыгын берсе, ал жек көрүнүү менен четке кагылып калмак».

    8:8 «Биздин бир карындашыбыз бар, ал али жаш, төшү да чыга элек. Карындашыбызга жуучу түшкөндө, биз аны эмне кылабыз?

    8:9 үгерде ал дубал болсо, анда биз анын үстүнө күмүштөн чатырларды тикмекпиз. эгерде ал эшик болсо, анда биз аны кедр тактайлары менен каптамакпыз».

    8:10 «Мен дубалмын, төштөрүм мунарадай, ошондуктан мен анын көзүнө бойго жеткен кыздаймын».

    8:11 «Сулаймандын Баал-Амон жеринде жүзүмзары бар эле. Ал бул жүзүмзарын кайтаруучуларга берген эле, ар бир кайтаруучу анын жемиши үчүн миңден күмүш жеткирип турушу керек болчу».

    8:12 «Ал эми жүзүмзарым менин алдымда. Сулайман, миңи – сага, ал эми эки жүзү – анын жемишин кайтаргандарга».

    8:13 «Бактардын арасында жашаган кыз! Достор үнүңдү угуп жатышат, үнүңдү мага да угуз».

    8:14 «Чурка, сүйгөн жигитим! Бальзам тоолорундагы жейрендей же жаш бугудай бол!»

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск