Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Кудайдын өз элине нааразы болушу

    1:1 Амостун уулу Ышайанын Жүйүт жана Иерусалим тууралуу Жүйүт падышалары Узиянын, Жотамдын, Ахаздын, Хискиянын тушунда көргөн көрүнүшү.

    1:2 Асман, уккун, жер, кулак салгын, анткени Теңир сүйлөп жатат: «Мен уулдарды өстүрүп, жогору көтөрдүм, бирок алар Мага каршы чыгышты.

    1:3 өгүз өз эүсин билет, эшек да кожоюнунун акырын билет, Ысрайыл болсо Мени билбейт, өз элим түшүнбөйт».

    1:4 Оо күнөөгө баткан эл, мыйзамсыздыктын оор жүгүн тарткан эл, кылмышкерлердин тукуму, бузулган уулдар! Теңирди таштап коюшту, Ысрайылдын Ыйыгын жек көрүп, артка бурулуп кетишти.

    1:5 өзүнүн өжөрлүгүнөн кайтпагандар, силерди дагы кайсы жериңерге урсам болот? Ар бир баш жара, ар бир жүрөк оорулуу.

    1:6 Анын бутунан башына чейин соо жери жок: жараат, тырык, ириңдеген жара, тазаланбаган, таңылбаган, май менен жумшартылбаган.

    1:7 Жериңер кыйратылды, шаарларыңар өрттөлдү, талааларыңарга эккениңерди өзүңөрдүн көзүңөрчө эле башкалар жеп жатат, душмандар талкалап кеткенсип, бардыгы эүн калды.

    1:8 Ошентип, Сион кызы жүзүмзардагы чатырдай, бактагы алачыктай, курчоодо калган шаардай болуп калды.

    1:9 Себайот Теңир бизге бир аз калдык калтырбаганда, биз Содомдой болуп калмакпыз, Аморго окшоп калмакпыз.

    1:10 Теңирдин сөзүн уккула, Содом төрөлөрү! Биздин Кудайдын мыйзамына кулак сал, Амор эли!

    1:11 «Мага силердин көп курмандык чалганыңардын кереги эмне? – дейт Теңир. – Мен силердин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалган койлоруңарга, борго байлап семиртилген малыңардын майына тойдум, букачарлардын да, козулардын да, улактардын да канын каалабайм.

    1:12 Менин алдымда туруш үчүн келгениңерде, короомду тебелегиле деп, силерден ким талап кылып жатат?

    1:13 Мага курмандыктарды алып келгениңер бекер, жыпар жыттуу зат түтөткөнүңөр Мен үчүн жийиркеничтүү. Ай жаңырган күнгө, ишемби күнгө, майрамдык жыйындарыңарга чыдай албайм, анткени мыйзамсыз иштерди кылуу менен катар эле майрамдайсыңар!

    1:14 Силердин ай жаңырганда өткөргөн майрамдарыңарды жана башка майрамдарыңарды Менин жаным жек көрөт. Алар Мен үчүн оор жүк, аларды көтөрүү Мен үчүн оор.

    1:15 Колуңарды сунганыңарда, силерди көрбөш үчүн, көзүмдү жумуп алам. Канчалык жалынып-жалбарсаңар да, Мен укпайм, анткени силердин колуңар канга толгон.

    1:16 Жуунгула, тазалангыла, Менин көз алдымда жаман иштерди кылбагыла, жамандык кылганыңарды токтоткула.

    1:17 Жакшылык кылганды эйрөнгүлө, чындыкты издегиле, эзилгендерди куткаргыла, жетимдерди коргогула, жесирлерге болушкула.

    1:18 Ошондон кийин гана келгиле, ошондо талкуулап көрөбүз, – дейт Теңир. – эгерде силердин күнөөлөрүңөр кыпкызыл болсо, Мен аны аппак кардай агартам. эгерде кочкул кызыл болсо, Мен аны ак жүндөй агартам.

    1:19 үгерде тилимди алууну каалап, Мени уксаңар, анда жердин ырыскысынан жейсиңер.

    1:20 үгерде баш тартып, өжөрлөнсөңөр, анда кылычтан өлөсүңөр, анткени Теңир ушинтип айтып жатат.

    1:21 Адилеттик өкүм сүргөн ишенимдүү шаар бузулган аялдай болуп калды! Ал шаар акыйкаттык өкүм сүрүп турган шаар эле, азыр болсо киши өлтүргүчтөрдүн шаарына айланды.

    1:22 Күмүшүң күйүп калды, шарабың суу кошулуп бузулду.

    1:23 Төрөлөрүң – мыйзамды бузуучулар, ууру-кескилердин шериктештери. Алардын бардыгы белек алганды жакшы көрүшөт, пара алганга умтулушат, жетимдерди коргошпойт, жесирдин арыз-муңуна кулак төшөшпөйт».

    1:24 Ошондуктан Теңир, Себайот Теңир, Ысрайылдын Кудуреттүүсү мындай дейт: «Душмандарымды жазалоо менен өзүмдү ыраазы кылам, душмандарымдан өч алам!

    1:25 Сага каршы өз колумду сунам, сени шакарга салып, бардык кошундулардан тазалайм, сенден коргошунду бөлүп салам.

    1:26 Сага мурдагыдай кылып башкаруучуларды коём, баштагыдай кылып кеңешчилерди коём. Ошондон кийин сени “Чындыктын шаары, ишенимдүү борбор” деп аташат».

    1:27 Сион акыйкаттык менен куткарылат, анын Кудайга кайрылган уулдары чындык менен куткарылат.

    1:28 Ал эми баш тарткандарга жана күнөөгө баткандарга өлүм, Теңирди таштагандар да өлүп жок болушат.

    1:29 Алар эмен токойлору үчүн уятка калышат, аларга силер аябай тартылып турчу элеңер. Силер өзүңөргө тандап алган токойчолор үчүн алар маскара болушат.

    1:30 Анткени силер жалбырагы күбүлүп калган эмен дарагындай, суусу жок бактардай болосуңар.

    1:31 Күчтүүсү чалдыбары чыккан кийимдей болуп калат, анын иши учкундай болот, экөө бирге күйөт, үч ким өчүрбөйт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск