Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Акыркы күндөр жөнүндө көргөн көрүнүш

    2:1 Амос уулу Ышайанын Жүйүт менен Иерусалим жөнүндө көргөн көрүнүшүндө айтылган сөз.

    2:2 Акыркы күндөрү Теңир үйү турган тоо бардык тоолордун башына коюлат, бардык дөбөлөрдөн жогору көтөрүлөт, ага бүт элдер агылып келишет.

    2:3 Көптөгөн элдер келип: «Келгиле, Теңирдин тоосуна чыгып, Жакыптын Кудайынын үйүнө кирели, Ал бизге өз жолдорун эйрөтөт, ошондо биз Анын жолдору менен жүрөбүз. Анткени Сиондон мыйзам чыгат, Иерусалимден Теңирдин сөзү чыгат», – дешет.

    2:4 Ошондо Ал элдерди соттойт, көп уруулардын айыбын ашкере кылат. Кылычтарын соко кылып, найзаларын орок кылып кайра согуп иштеп чыгышат. Бир эл бир элге кылыч көтөрбөйт, ошондон кийин согушууга эйрөнүшпөйт.

    Батанын алдында жаза болот

    2:5 Оо Жакып тукуму! Келгиле, Теңирдин жарыгында жүрөлү!

    2:6 Бирок Сен өз элиңди, Жакыптын тукумун, таштап койдуң, анткени алар чыгыштан көп нерсени эйрөнүп алышты. Алардын пелиштиликтердикиндей сыйкырчылары бар, алардын башка элдердин уулдары менен байланышы бар.

    2:7 Алардын жери алтын менен күмүшкө толду, байлыгына эсеп жетпейт; алардын жери аттарга толду, арабаларына сан жетпейт.

    2:8 Алардын жери буркандарга – колдору менен жасаган нерселерге толуп кетти, алар өз колдору менен жасаган нерселерге табынып жатышат.

    2:9 Ошентип, адам ийилди; ошентип, адам басынды. Сен аларды кечирбейсиң.

    2:10 Теңирдин коркунучунан жана Анын улуу даңкынан качып, аскага бар, жерге жашын.

    2:11 Адамдын менменсинген көздөрү жер карайт, текебер адам кемсинтилет, ошол күнү Теңир гана жогору турат.

    2:12 Анткени Себайот Теңирдин күнү бардык текеберлерге, менменсингендерге, көтөрүлгөндөргө каршы келет, ошондо алар кемсинтилишет.

    2:13 Теңирдин күнү Лебанондун бийик, менменсинген бардык кедрлерине да, Башандын эмендерине да,

    2:14 бардык бийик тоолорго да, бардык бийик дөбөлөргө да,

    2:15 ар кандай бийик мунараларга да, ар кандай бекем дубалдарга да,

    2:16 Таршыштын бардык кемелерине да, алардын суктандырган жасалгаларына да каршы келет.

    2:17 Ошондо текебер адам кемсинтилет, менменсинген адам жер карайт, ошол күнү Теңир гана жогору турат.

    2:18 Буркандар да таптакыр жок болот.

    2:19 Теңир жерди кыйратканы турганда, адамдар Теңирдин коркунучунан, Анын улуу даңкынан качып, аска-зоолордун жаракаларына, жердин түпкүрүнө киришет.

    2:20 Ошол күнү адамдар табынуу үчүн күмүштөн жана алтындан жасап алган буркандарын көр чычкандарга жана жарганаттарга ташташат.

    2:21 Теңир жерди кыйратыш үчүн турганда, адамдар Теңирдин каарынан, Анын улуу даңкынан коркуп, аскалардын капчыгайларына, тоолордун жаракаларына качып киришет.

    2:22 Силер таноосунда деми бар адамдан эмүт кылганыңарды койгула, адам ким?

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск