Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Царств 29

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    29-БөЛЄМ

    Дөөттүн Кудайдын башкаруусу менен ысрайылдыктарга каршы чыкпай калышы

    29:1 Пелиштиликтер өздөрүнүн бардык аскерин Апейикке чогултушту. Ысрайылдыктардын кошууну Изрейелдеги булактын жанына жайланышты.

    29:2 Пелишти төрөлөрү жүздөп-миңдеп келе жатышты. Дөөт жана анын кишилери болсо артта Акиш менен келе жатышты.

    29:3 Пелишти төрөлөрү: «Бул кайсы эврейлер?» – деп сурашты. Акиш Пелишти төрөлөрүнө: «үмне, силер мунун Ысрайыл падышасы Шабулдун кулу Дөөт экенин билбейсиңерби? Ал бир жылдан ашуун убактан бери менин жанымда, ал келгенден бери мен андан үч кандай жаман нерсе көргөн жокмун», – деп жооп берди.

    29:4 Пелишти төрөлөрү Дөөткө кыжырданып, Акишке мындай деп айтышты: «Сен бул кишини артка жибер, ал сен дайындаган өз ордунда тынч отурсун. Ал биз менен согушка барбасын, согушта өзүбүзгө каршы чыкпасын. Ал өз мырзасын мына бул жигиттердин башынан башка эмне менен ыраазы кыла алат?

    29:5 “Шабул миңди жеңди, Дөөт он миңди жеңди”, – деп, ушул Дөөт жөнүндө ырдап-бийлешпеди беле!»

    29:6 Ошондо Акиш Дөөттү чакырып, ага мындай деди: «Теңир тирүү! Сенин ниетиң ак, аскерлердин арасында мени менен жүргөнүң мага жакшы болор эле, анткени сен мага келгенден бери мен сенден жаман нерсе байкаган жокмун, бирок сага төрөлөрдүн көз карашы жакшы эмес.

    29:7 Ошондуктан азыр кайра артка кайт, тынчтык менен кете бер. Пелишти төрөлөрүн кыжырдантпа».

    29:8 Бирок Дөөт Акишке мындай деди: «Мен эмне кылдым, алдыңа келген күндөн ушул күнгө чейин кулуңдан кандай айып таптың, эмне үчүн мага мырзам падышанын душмандары менен согушканы барууга болбосун?»

    29:9 Акиш Дөөткө мындай деп жооп берди: «Ишен, сен мен үчүн Кудайдын периштесиндей жагымдуусуң, бирок Пелишти мырзалары: “Ал биз менен согушка барбасын”, – дешти.

    29:10 Ошондуктан өзүң да, мырзаңдын өзүң менен кошо келген кулдары да эртең менен туруп, жарык киргенде жөнөгүлө».

    29:11 үртең менен Пелишти жерине кайтыш үчүн, Дөөт жана анын кишилери эрте турушту. Пелиштиликтер болсо согушка, Изрейелге кетишти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск