Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Царств 31

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    31-БөЛЄМ

    Шабулдун жана анын уулдарынын өлүшү

    31:1 Пелиштиликтер болсо ысрайылдыктар менен согушуп жатышты. Ысрайыл эркектери пелиштиликтерден качып, Гилбоя тоосунда кырылышты.

    31:2 Пелиштиликтер Шабулду жана анын уулдарын кууп жетип, Шабулдун уулдары Жонатанды, Аминадапты жана Малкишуаны өлтүрүштү.

    31:3 Шабулга каршы согуш катаал болду, аны жаа аткычтар атышты, ал аткычтардан катуу жарадар болду.

    31:4 Ошондо Шабул өзүнүн курал көтөргөн жигитине: «Кылычыңды кынынан сууруп, мени сайып сал, болбосо мына бул сүннөткө отургузулбагандар келип, мени өлтүрүп, маскара кылышат», – деди. Бирок курал көтөргөн жигит макул болгон жок, анткени абдан коркуп турган эле. Ошондо Шабул өз кылычын алып, ага сайынып жыгылды.

    31:5 Курал көтөргөн жигити Шабулдун өлгөнүн көргөндө, өз кылычына жыгылып, аны менен кошо өлдү.

    31:6 Ошентип, ошол күнү Шабул, анын үч уулу жана курал көтөргөн жигити, ошондой эле бардык кишилери аны менен кошо өлүштү.

    31:7 өрөөн тарапта жана Иордан суусунун наркы өйүзүндө жашаган ысрайылдыктар Ысрайыл элинин качканын, Шабулдун жана анын уулдарынын өлгөнүн көрүшкөндө, өз шаарларын таштап качышты. Пелиштиликтер келип, алардын шаарларына отурукташып алышты.

    31:8 үртеси күнү пелиштиликтер Гилбоя тоосуна өлгөндөрдү тоногону келишкенде, Гилбоя тоосунан Шабулдун жана анын үч уулунун өлүгүн табышты.

    31:9 Алар Шабулдун башын кесип, куралын чечип алып, буркандарынын бутканаларына жана өздөрүнүн элине бул окуяны кабарлаш үчүн, Пелиштинин бүт жерине жөнөтүштү.

    31:10 Анын куралын Ашейранын бутканасына коюшту, денесин Бейт-Шандын дубалына асып коюшту.

    31:11 Пелиштиликтердин Шабулду эмне кылышканын Гилаттагы Жабештин тургундары угушту.

    31:12 Ошондо бардык эр жүрөктөр туруп, түнү бою жол жүрүп келип, Шабулдун жана анын уулдарынын денелерин Бейт-Шандын дубалынан алып, Жабешке алып келип, ошол жерде өрттөп салышты.

    31:13 Алардын сөөгүн алып, Жабештеги эмен дарагынын түбүнө көмүштү да, жети күн орозо кармашты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск