Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Дөөттүн Шабулдун өлгөнүн угушу

    1:1 Шабул өлгөндөн кийин, Дөөт амалыктыктарды талкалап кайтты да, Сыклакта эки күн болду.

    1:2 Єчүнчү күнү Шабулдун кошуунунан үстүндөгү кийими айрылган жана башы топурак болгон бир киши келди. Ал Дөөткө келип, жерге жыгылып, ага таазим этти.

    1:3 Дөөт андан: «Сен кайдан келдиң?» – деп сурады. Ал Дөөткө: «Мен Ысрайылдын кошуунунан качып келдим», – деп жооп берди.

    1:4 Дөөт ага: «үмне болду? Мага айтып бер», – деди. Ал: «үл согуштан качты, элдин көбү жыгылды, өлүмгө дуушар болду, Шабул жана анын уулу Жонатан да өлдү», – деди.

    1:5 Дөөт айтып берип жаткан уландан: «Шабул менен анын уулу Жонатандын өлгөнүн сен кайдан билдиң?» – деп сурады.

    1:6 Ага баяндап жаткан улан мындай деп жооп берди: «Мен кокусунан Гилбоя тоосуна барып калдым. Шабул өз найзасына кулады, арабалар жана атчан жоокерлер болсо ага жеткени калышкан эле.

    1:7 Шабул артын карап, мени көрүп, өзүнө чакырды.

    1:8 “Мына мен”, – дедим. Ал мага: “Сен кимсиң?” – деди. “Мен амалыктык болом”, – дедим.

    1:9 Ошондо ал мага: “Мага жакын келип, мени өлтүр, анткени мен жаным чыкпай, кыйналып жатам”, – деди.

    1:10 Мен жакын бардым да, аны өлтүрдүм, анткени анын жыгылган соң тирүү калбасын билдим. Анын башындагы таажысын, колундагы билеригин алдым да, аларды өз мырзама, бул жерге алып келдим».

    1:11 Ошондо Дөөт өзүнүн кийимин кармап туруп айрып жиберди, жанында турган кишилер да ошондой кылышты.

    1:12 Алар кылычтан өлгөн Шабулду жана анын уулу Жонатанды жоктоп, Теңирдин эли жана Ысрайыл тукуму үчүн боздоп ыйлап, кечке чейин орозо кармашты.

    1:13 Дөөт айтып берип жаткан уландан: «Сен кайдансың?» – деп сурады. Ал: «Мен келгин амалыктыктын уулумун», – деп жооп берди.

    1:14 Ошондо Дөөт ага мындай деди: «Кантип коркпой, Теңирдин майланганын өлтүрүүгө кол көтөрдүң?»

    1:15 Анан Дөөт уландардын бирин чакырып: «Жакын келип, муну өлтүрүп сал», – деди. Улан аны өлтүрдү, ал өлдү.

    1:16 Дөөт ага мындай деди: «өз каның өз башыңда, анткени “Теңирдин майланганын өлтүрдүм” деп айткан сөзүң өзүңө каршы күбө болду».

    Дөөттүн Шабул менен Жонатанды жоктоп ыйлашы

    1:17 Дөөт Шабулду жана анын уулу Жонатанды жоктоп ыйлады.

    1:18 Анан ал адилеттүүнүн китебинде жазылгандай, Жүйүт уулдарына «Жаа» ырын эйрөтүүнү буйрук берип, мындай деп айтты:

    1:19 «О Ысрайыл, сенин сыймыгың бийиктиктериңде өлтүрүлдү! Күчтүүлөрүң кандай кулады!

    1:20 Пелиштиликтердин кыздары кубанычка батпашы үчүн, сүннөткө отургузулбагандардын кыздары салтанат курбашы үчүн, Гатта айтпагыла, Ашкелондун көчөлөрүндө жарыя кылбагыла.

    1:21 Гилбоя тоолору! Силерге шүүдүрүм түшпөсүн, жамгыр жаабасын, силерде жемиштүү талаа болбосун, анткени ошол жерде күчтүүлөрдүн калканы талкаланды, Шабулдун калканы зайтун майы менен майланбагансып талкаланды.

    1:22 Жарадарлардын канысыз, күчтүүлөрдүн майысыз Жонатандын жаасы кайра артка кайтчу эмес, Шабулдун кылычы кынынан бекер суурулчу эмес.

    1:23 Шабул менен Жонатан тирүү кезинде бири-бирин жакшы көрүшчү, ынтымактуу болчу, өлгөндө да ажырашпай бирге өлүштү. Алар бүркүттөрдөн учкул, арстандардан күчтүү жандар эле.

    1:24 Ысрайыл кыздары! Силерге кочкул кызыл жана кооз кийим кийгизген, кийимиңерге алтын жасалгаларды тактырган Шабулду жоктоп ыйлагыла.

    1:25 Күчтүүлөр майданда өлүштү! Сенин бийиктиктериңде Жонатан өлтүрүлдү.

    1:26 Бир боорум Жонатан, сен үчүн аза күтөм. Сен мен үчүн абдан кымбат элең, сенин сүйүэң мен үчүн аялдын сүйүүсүнөн артык эле.

    1:27 Күчтүүлөр кулады, согуш куралдары кыйрады!»

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск