Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Жүйүт элинин Дөөттү падышачылыкка чакырышы

    2:1 Ушундан кийин Дөөт Теңирден: «Жүйүт шаарларынын бирине барсам болобу?» – деп сурады. Теңир ага: «Баргын», – деди. Дөөт дагы: «Кайсынысына барайын?» – деп сурады. Ал: «Хебронго», – деп жооп берди.

    2:2 Дөөт өзүнүн эки аялы: изрейелдик Акинаам жана мурун Набалдын аялы болгон кармелдик Абигейил менен ошол жакка бет алды.

    2:3 Дөөт өзүнүн жанындагы кишилерди, алардын ар биринин эй-бүлөсүн Хеброн шаарына отурукташтырды.

    2:4 Ошондо Жүйүт эркектери келип, Дөөттү ошол жерде майлап, Жүйүт тукумуна падыша кылышты. Шабулду гилаттык Жабештин тургундары көргө коюшканын Дөөткө билдиришти.

    2:5 Дөөт гилаттык Жабештин тургундарына элчилерди жөнөтүп, мындай деп айттырды: «Мырзаңар Шабулга ушундай ырайым кылып, аны көргө койгонуңар үчүн Теңир силерге батасын берсин.

    2:6 Ушул күндө Теңир силерге ырайымын жана ишенимдүүлүгүн көрсөтсүн. Ушундай кылганыңар үчүн мен да силерге жакшылык кылам.

    2:7 үми силер кайраттуу, бекем болгула. Мырзаңар Шабул өлдү, мени болсо жүйүттөр өздөрүнө падыша кылып майлашты».

    Абенердин Ишпошетти он бир урууга падыша кылышы

    2:8 Бирок Шабулдун аскер башчысы, Нейир уулу Абенер, Шабулдун уулу Ишпошетти алып, аны Маханайимге алып келди.

    2:9 Ал аны Гилаттын, Ашурдун, Изрейелдин, эпрайымдын, Бенжеминдин жана бүт Ысрайылдын үстүнөн падыша кылды.

    2:10 Шабулдун уулу Ишпошет Ысрайылга падыша болгондо, кырк жашта эле, ал эки жыл падышачылык кылды. Жүйүттөр гана Дөөт менен калышты.

    2:11 Дөөт Хеброндо жүйүттөргө бардыгы болуп жети жыл, алты ай падышачылык кылды.

    2:12 Нейир уулу Абенер жана Шабул уулу Ишпошеттин кулдары Маханайимден чыгып, Гибонго келишти.

    2:13 Серуянын уулу Жойап да Дөөттүн кулдары менен чыгып, Гибон көлмөсүнүн жанында жолугушту. Тигилер көлмөнүн аркы өйүзүнө, булар берки өйүзүнө жайгашышты.

    2:14 Абенер Жойапка: «Жигиттер туруп, биздин алдыбызда тамаша курушсун», – деди. Жойап: «Болуптур, турушсун», – деди.

    2:15 Ошондо Шабулдун уулу Ишпошет тараптан бенжеминдик он эки жигит, Дөөттүн кулдарынын ичинен он эки адам туруп барышты.

    2:16 Алар бири-бирин баштан кармап, бири-бирин капталга кылыч менен сайып, бирге өлүштү. Ошондон улам Гибондогу бул жер Хелкат-Атсурим деп аталып калды.

    2:17 Ошол күнү катуу кыргын болду. Абенер ысрайылдык кишилер менен бирге Дөөттүн кулдары тарабынан кыйроого учурады.

    2:18 Ал жерде Серуянын үч уулу бар болчу: Жойап, Абышай жана Асаел. Асаел талаадагы жейрендей тез чуркачу.

    2:19 Абенердин изинен оңго да, солго да бурулбай, Асаел Абенердин артынан кууду.

    2:20 Абенер артына кылчайып карап: «Бул сенсиңби, Асаел?» – деп сурады. Тиги: «Менмин», – деди.

    2:21 Абенер ага: «Оңго же солго бурулуп кет, уландардын арасынан бирөөнү тандап, анын куралын ал», – деди. Бирок Асаел андан калгысы келбеди.

    2:22 Абенер Асаелге дагы бир жолу: «Кууганыңды токтот, болбосо сени жерге сулатып салам. Анан бир тууганың Жойапты кайсы бетим менен карайм?» – деди.

    2:23 Бирок тиги калгысы келген жок. Ошондо Абенер найзанын арткы учу менен аны ичке урду. Найза анын ичин тешип өттү, ал ошол жерге жыгылып жан берди. Асаел жыгылып өлгөн жерден өткөндөрдүн баары токтоп өтүп жатышты.

    2:24 Ошондо Жойап менен Абышай Абенердин артынан түшүштү. Алар Гибон чөлүнө кетчү жолдогу Гийахтын бет маңдайындагы Айма дөңсөөсүнө келгенде, күн батып калган.

    2:25 Бенжеминдиктер Абенердин тегерегине бир топ болуп чогулуп, бир дөбөнүн чокусуна турушту.

    2:26 Абенер Жойапка мындай деп кыйкырды: «Дайыма эле кылычтан кырыла беребизби? Же мунун акыры кайгы менен бүтөрүн билбейсиңби? “Бир туугандарыңардын артынан куубагыла”, – деп, элге качанкыга чейин айтпайсың?»

    2:27 Жойап: «Кудай тирүү! Сен башкача сүйлөгөндө, алар өз бир туугандарынын артынан кууганын эртең менен эле токтотушмак», – деди.

    2:28 Жойап сурнайын алып тартканда, элдин баары токтоп, ысрайылдыктарды андан ары куубай калышты, салгылаш токтоду.

    2:29 Абенер болсо өз кишилери менен түзөң аркылуу түнү бою жүрүп отуруп, Иорданды кечип өтүп, Битронду аралап өтүп, Маханайимге келди.

    2:30 Жойап Абенерди кууганын токтотуп, кайтып келди да, өз кишилерин чогултту. Дөөттүн кулдарынан Асаелден башка он тогуз адам кемигенин тактады.

    2:31 Дөөттүн кулдары болсо бенжеминдиктер менен Абенердин кишилерин өлтүрүштү. Алардын үч жүз алтымыш кишиси өлдү.

    2:32 Асаелди Бейт-Лехемдеги өз атасынын мүрзөсүнө алып барып коюшту. Жойап болсо өз кишилери менен түнү бою жол жүрүп, таңга маал Хебронго келди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск