Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Дөөттүн Хеброндогу эй-бүлөсү

    3:1 Дөөттүн эй-бүлөсү менен Шабулдун эй-бүлөсүнүн ортосунда узакка созулган чатак болду. Дөөт барган сайын күч алды, Шабулдун тукуму болсо барган сайын алсырады.

    3:2 Хеброндо Дөөттүн уулдары төрөлдү. Анын тун уулу изрейелдик Акинаамдан төрөлгөн Амнон болчу.

    3:3 Ал эми экинчи уулу – Килап, аны мурун Набалдын аялы болгон кармелдик Абигейил төрөгөн, үчүнчүсү – Абышалом, аны Гешур падышасы Талмайдын кызы Мааха төрөгөн.

    3:4 Төртүнчүсү – Кагыт төрөгөн уулу Адония, бешинчиси – Абытал төрөгөн уулу Шепатия.

    3:5 Алтынчысы – Дөөттүн аялы эгла төрөгөн Итраам. Булар Дөөттөн Хеброндо төрөлүштү.

    3:6 Дөөттүн эй-бүлөсү менен Шабулдун эй-бүлөсүнүн ортосунда чатак болгондо, Абенер Шабулдун үйүн колдочу.

    Абенердин Дөөт тарапка өтүшү

    3:7 Шабулдун Риспа деген күң аялы бар болчу, ал Айанын кызы эле. Ишпошет Абенерге: «Сен эмне үчүн менин атамдын күң аялына жакындадың?» – деди.

    3:8 Ишпошеттин сөзүнө Абенер абдан ачууланып, мындай деди: «Мен, эмне, Жүйүт итинин башымынбы? Мен Жүйүткө каршы туруп, атаң Шабулдун эй-бүлөсүнө, бир туугандарына, досторуна ушул күнгө чейин жакшылык кылып келдим, сени Дөөттүн колуна салып берген жокмун, сен болсо мени ушул аял үчүн күнөөлөп жатасың.

    3:9-10 “Шабулдун тукумунан падышачылыкты тартып алып, Дөөттү такка отургузам, ал Ысрайылдын жана Жүйүттүн үстүнөн, Дандан Бейер-Шебага чейин падышачылык кылат”, – деп, Теңирдин Дөөткө берген антын аткарбасам, Кудай Абенерди жазаласын, катуу жазаласын!».

    3:11 Ишпошет Абенерге каршы сүйлөй алган жок, анткени андан коркчу.

    3:12 Абенер өзүнөн Дөөткө элчилерди жиберип: «Бул кимдин жери? Мени менен келишим түз, Ысрайылдын бүт элин сага каратыш үчүн, менин колум сени менен болот», – деп айттырды.

    3:13 Дөөт мындай деди: «Макул, мен сени менен келишим түзөм, бирок сенден бир нерсени талап кылам: мени менен көрүшкөнү келгенде, өзүң менен кошо Шабулдун кызы Михалды алып келбесең, менин жүзүмдү көрбөйсүң».

    3:14 Дөөт Шабулдун уулу Ишпошетке элчилеринен: «Менин аялым Михалды бер, аны мен жүз пелиштиликтин сүннөтүн кескендигим үчүн алгам», – деп айттырып жиберди.

    3:15 Ишпошет киши жиберип, күйөөсүнөн – Лаиштин уулу Палтиелден Михалды алдырды.

    3:16 Күйөөсү ыйлап, аялынын артынан Бакуримге чейин эүрчип барды. Бирок Абенер ага: «Артыңа кайт», – деди. Ал артка кайтты.

    3:17 Абенер Ысрайыл аксакалдарына мындай деп кайрылды: «Силер Дөөттүн өзүңөргө падыша болушун ушуга чейин каалап келгенсиңер.

    3:18 үми ишке ашыргыла, анткени Теңир Дөөткө: “Мен өз кулум Дөөттүн колу менен өз элим Ысрайылды пелиштиликтердин колунан, бардык душмандарынын колунан куткарам”, – деп айткан».

    3:19 Бенжеминдиктерге да Абенер ушуну айтты. Ошентип, Абенер Ысрайылдын жана бүт Бенжемин уруусунун каалоосун Дөөткө айтып берүү үчүн, Хебронго жөнөдү.

    3:20 Абенер өзүнүн жыйырма кишиси менен Дөөткө, Хебронго келди, Дөөт Абенердин жана анын жанындагы адамдардын урматына той өткөрдү.

    3:21 Ошондо Абенер Дөөткө: «Мен барып, бүтүн Ысрайыл элин чогултуп, менин мырзама, падышага, алып келейин. Алар сени менен келишим түзүшөт, сен бардыгына өзүң каалагандай падышачылык кыласың», – деди. Дөөт Абенерди коё берди, ал тынчтык менен кетти.

    3:22 Ошондо Дөөттүн кулдары жана Жойап жортуулдан көп олжо менен келишти. Хеброндо, Дөөттүн жанында Абенер жок болчу, анткени Дөөт аны коё берген, ал тынчтык менен кеткен.

    3:23 Жойап жана аны менен жүргөн бүт аскерлер келишкенде, Жойапка: «Падышага Нейир уулу Абенер келип кетти, падыша аны коё берди, ал тынчтык менен кетти», – деп айтышты.

    3:24 Жойап падышага келип, мындай деди: «Сен эмне кылдың? Абенер сага келип кетиптир. Аны эмне үчүн коё бердиң, эмне үчүн кетирип жибердиң?

    3:25 Нейир уулу Абенерди сен жакшы билесиң да. Ал сени алдаганы, киргениңди, чыкканыңды билгени, эмне кылып жатканыңдын баарын изилдеп билгени келген».

    3:26 Анан Жойап Дөөттүн жанынан кетип, Абенердин артынан чабармандарды жиберди. Асир кудугуна жеткенде, аны артка кайттырышты. Бирок Дөөт муну билген жок.

    Жойаптын Абенерди өлтүрүшү

    3:27 Абенер Хебронго кайра келгенде, Жойап аны менен атайын жашыруун сүйлөшөм демиш болуп, аны короого киргизип, ичке сайып өлтүрдү. Ошентип, Абенер Жойаптын бир тууганы Асаелдин каны үчүн каза тапты.

    3:28 Дөөт бул жөнүндө укканда, мындай деди: «Нейир уулу Абенердин каны үчүн Теңир алдында мен да, менин падышачылыгым да үч качан күнөөлүү эмес.

    3:29 Анын каны үчүн Жойап жана анын атасынын бүт тукуму күнөөлүү болсун. Жойаптын тукумунан эрендиги аккандар, пес оорулуулар, таяк таянгандар, кылычтан өлгөндөр, нанга муктаж болгондор эзүлбөсүн».

    3:30 Жойап менен Абышай Гибондогу салгылашта өздөрүнүн бир тууганы Асаелди өлтүргөнү үчүн Абенерди өлтүрүштү.

    3:31 Дөөт Жойапка жана анын жанындагы кишилердин баарына: «Кийимиңерди айрыгыла да, зумбал кийип, Абенерди жоктоп ыйлагыла», – деди. Падыша Дөөт да сөөктүн артында бара жатты.

    3:32 Хеброндо Абенерди көргө коюп жатышканда, Абенердин мүрзөсүнүн жанында падыша катуу ыйлады. элдин баары ыйлады.

    3:33 Падыша Абенерди жоктоп мындай деп ыйлады: «Абенер ушинтип жүзү карага окшоп өлөт беле?

    3:34 Колуң байланган жок, бутуң кишенделген жок. Сен каракчылардын колунан өлгөндөй өлдүң». Ошондо элдин баары ыйлашты.

    3:35 үртеден кечке бүткүл эл Дөөткө тамак алып келип жатышты, бирок Дөөт: «үгер мен күн батканга чейин нан же башка бир нерсе ооз тийсем, Кудай мени жазаласын, катуу жазаласын», – деп ант берди.

    3:36 Падышанын кылган бардык иши бүт элге жаккандай эле, бул ишин да бүт эл жактырды.

    3:37 Нейир уулу Абенерди падыша өлтүртпөгөнүн бардык эл жана бүт Ысрайыл ошол күнү билди.

    3:38 Анан падыша өзүнүн кулдарына мындай деди: «Бүгүн Ысрайылда аскер башчы, улуу адам өлгөнүн билдиңерби?

    3:39 Падышачылыкка майланганыма карабастан, мен азыр али алсызмын. Ал эми бул кишилер, Серуянын уулдары менден күчтүү. Теңир ушул жамандыкты кылган адамга кылган жамандыгына жараша тиешесин берсин».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск