Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Ишпошеттин өлтүрүлүшү

    4:1 Хеброндо Абенердин өлгөнүн укканда, Шабулдун уулу Ишпошеттин ындыны өчтү, бүт Ысрайылдын эрөйү учту.

    4:2 Шабулдун уулу Ишпошеттин эки аскер башчысы бар эле. Бирөөнүн аты – Баана, экинчисинин аты – Рейхап, алар – Ремондун уулдары, бейроттук Бенжеминдин тукумунан. Анткени Бейрот да Бенжеминге таандык болчу.

    4:3 Бейроттуктар Гитайимге качып кетишип, ошол жерде келгин болуп жашап калышкан.

    4:4 Шабулдун уулу Жонатандын аксак баласы бар эле. Изрейелден Шабул менен Жонатан жөнүндө кабар келгенде, баккан аял аны алып качканда, ал беште болчу. Аял шашып чуркап бара жатканда, бала жыгылып кетип, аксак болуп калган. Анын аты Мепибешет эле.

    4:5 Бейроттук Ремондун уулдары Рейхап менен Баана күн ысыган маалда Ишпошеттин үйүнө келишти. Ал чак түштө төшөгүндө уктап жаткан.

    4:6 Рейхап бир тууганы Баана менен буудай алганы келген болуп, эйдүн ичине киришти да, аны ичке сайып, качып кетишти.

    4:7 Алар эйгө киришкенде, Ишпошет өзүнүн уктоочу бөлмөсүндөгү төшөгүндө жаткан. Алар аны сайып өлтүрүп, башын кесип алышты да, түнү бою чөл менен жол жүрүштү.

    4:8 Ишпошеттин башын Дөөткө, Хебронго алып келишти да, падышага: «Бул – сени өлтүргүсү келген душманың Шабулдун уулу Ишпошеттин башы. эми Теңир менин мырзам падыша үчүн Шабулдан жана анын тукумунан өч алды», – деп айтышты.

    4:9 Ошондо Дөөт Рейхапка жана анын бир тууганы Баанага, бейроттук Ремондун уулдарына, мындай деди: «Менин жанымды бардык кайгыдан куткарган Теңир тирүү!

    4:10 Мага “Шабул өлдү” деген кабарды айтып, өзүн жакшы кабарчы эсептеген адамга сыйлык бергендин ордуна аны кармап алып, Сыклакта өлтүргөм.

    4:11 үми күнөөсү жок адамды өз үйүндө, өз төшөгүндө жаткан жеринен өлтүргөн кара санатай кишилерди анын каны үчүн кантип жазалабай коёюн да, кантип жер үстүнөн жок кылбай коёюн?»

    4:12 Дөөттүн буйругу боюнча кулдары аларды өлтүрүп, буту-колдорун кыя чабышты да, Хеброндогу көлмөнүн үстүнө илип коюшту. Ал эми Ишпошеттин башын Абенердин мүрзөсүнө, Хебронго алып барып коюшту.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск