Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Дөөттүн Ысрайылга падыша болушу

    5:1 Ысрайылдын бардык уруулары Хебронго, Дөөткө келишти да, минтип айтышты: «Биз сенин сөөгүңбүз жана денеңбиз.

    5:2 Шабул бизге падышачылык кылып турганда эле сен Ысрайылды баштап жүрчүсүң. Теңир сага: “Сен Менин элим Ысрайылды кайтарасың, Ысрайылдын жол башчысы болосуң”, – деп айткан».

    5:3 Ысрайылдын бардык аксакалдары падышага, Хебронго келишти. Дөөт падыша Хеброндо, Теңирдин алдында алар менен келишим түздү. Ошондо алар Дөөттү Ысрайылга падыша кылып майлашты.

    5:4 Дөөт падыша болгондо, отуз жашта эле. Ал кырк жыл падышачылык кылды.

    5:5 Ал Хеброндо Жүйүткө жети жыл, алты ай падышачылык кылды, Ысрайыл менен Жүйүткө Иерусалимде отуз үч жыл падышачылык кылды.

    Иерусалим – бириккен падышачылыктын борбору

    5:6 Падыша өзүнүн кишилери менен Иерусалимге, ал жерде жашаган жебустуктарга каршы жөнөдү. Бирок алар Дөөткө мындай деп айтышты: «Сен бул жакка кирбейсиң. Сени сокурлар менен төкөрлөр кууп чыгышат». Бул «Дөөт бул жакка кире албайт» дегенди билдирет.

    5:7 Бирок Дөөт Сион сепилин басып алды. Кийин ал Дөөттүн шаары болуп калды.

    5:8 Дөөт ошол күнү: «Жебустуктарды өлтүрүп жаткан адам төкөрлөрдү, сокурларды, Дөөттү жек көргөндөрдү найза менен кырсын», – деди. Ошондон улам «Теңирдин үйүнө сокур менен төкөр кирбейт» деп айтылып калган.

    5:9 Дөөт сепилге жайгашты, аны Дөөттүн шаары деп атады, Милодон тартып айландыра курду жана ичин курду.

    5:10 Дөөт чоң ийгиликтерге жетип, зоболосу көтөрүлө берди, Себайот Кудай-Теңир аны менен болду.

    5:11 Тир падышасы Хирам Дөөткө элчилерди, кедр жыгачтарын, жыгач усталарын, таш тизүүчү жумушчуларын жиберди. Алар Дөөткө эй куруп беришти.

    5:12 Ысрайылга падыша кылып дайындаган, өз эли Ысрайыл үчүн падышачылыгынын зоболосун көтөргөн Теңир экенин Дөөт түшүндү.

    5:13 Дөөт Хеброндон Иерусалимге келгенден кийин, өзүнө дагы күң аялдарды жана аялдарды алды.

    5:14 Дөөт дагы көп уулдуу жана кыздуу болду. Анын Иерусалимде төрөлгөн балдарынын аттары мындай: Шамуя, Шобап, Натан, Сулайман,

    5:15 Жибхар, элишуа, Непек, Жапия,

    5:16 үлишама, элийада, элипелет.

    Пелиштиликтер менен болгон согуш

    5:17 Пелиштиликтер Дөөттүн Ысрайылга падыша болуп майланганын угушканда, бардыгы Дөөттү издеп чыгышты. Дөөт муну угуп, сепилге кетти.

    5:18 Пелиштиликтер келип, Репа өрөөнүнө жайланышышты.

    5:19 Ошондо Дөөт Теңирге кайрылып: «Мен пелиштиликтерге каршы барайынбы? Аларды менин колума салып бересиңби?» – деп сурады. Теңир Дөөткө: «Баргын, анткени Мен пелиштиликтерди сенин колуңа салып берем», – деп жооп берди.

    5:20 Дөөт Баал-Ператсимге жөнөп, ал жерден аларды талкалады да: «Теңир менин алдымда душмандарымды сел алгандай кыйратты», – деди. Ошондон улам ал жерге Баал-Ператсим деген ат берилди.

    5:21 Пелиштиликтер ошол жерге өздөрүнүн буркандарын таштап кетишкен эле. Дөөт болсо өз кишилери менен аларды алып кетти.

    5:22 Пелиштиликтер кайра келишти да, Репа өрөөнүнө жайланышышты.

    5:23 Дөөт Теңирден сурады. Ал ага мындай деп жооп берди: «Алардын алдынан чыкпа, артынан, тыт токою жактан кир.

    5:24 Тыт жыгачтарынын үстүнөн бирөөнүн басып келе жаткандай болгон дабышын угарың менен жөнө, анткени ошондо Теңир сенин алдыңда пелиштиликтердин аскерин талкалоого бара жаткан болот».

    5:25 Теңир кандай буйруса, Дөөт ошондой кылды. Ал пелиштиликтерди талкалап, Гебадан Гезерге чейин кууп барды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск