Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Дөөттүн Иерусалимге келишим сандыгын алып келиши

    6:1 Дөөт кайрадан Ысрайылдын тандалган отуз миң адамын чогултту.

    6:2 Дөөт туруп, өзүнүн бүт эли менен керуптардын ортосундагы Себайот Теңирдин ысымы менен аталган Кудайдын келишим сандыгын Жүйүттүн Баал жеринен көчүрүп келүү үчүн жөнөдү.

    6:3 Алар Кудайдын келишим сандыгын жаңы арабага салып, адырдагы Аминадаптын үйүнөн алып чыгышты. Аминадаптын уулдары Уза менен Ахио болсо жаңы арабаны айдап бара жатышты.

    6:4 Ошентип, Кудайдын келишим сандыгы салынган арабаны адырдагы Аминадаптын үйүнөн алып жөнөштү. Ахио келишим сандыгынын алдында бара жатты.

    6:5 Дөөт менен бүт Ысрайыл уулдары Теңирдин алдында кипарис жыгачынан жасалган ар түрдүү музыкалык аспаптарда ойноп, лира, арфа чертип, забур ырдап, дап кагып, шылдырак уруп, жез табак кагып бара жатышты.

    6:6 Нахондун кырманына жетишкенде, Уза колун сунуп, Кудайдын келишим сандыгын кармап калды, анткени аны өгүздөр солкулдатып жиберген эле.

    6:7 Бирок Теңир Узага каарданып, аны коркпой батынгандыгы үчүн ошол жерден эле өлтүрүп салды, ал Кудайдын келишим сандыгынын жанында өлдү.

    6:8 Теңир Узаны өлтүрүп салганы үчүн Дөөт кайгыга батты. Ошол жер азыркыга чейин «Уза өлгөн жер» деп аталат.

    6:9 Ошол күнү Дөөт Теңирден коркуп: «Теңирдин келишим сандыгы меникине кантип кирет?» – деди.

    6:10 Дөөт Теңирдин келишим сандыгын өзүнө, Дөөттүн шаарына алып барууну каалабай, гаттык Абет-үдомдун үйүн көздөй алып жөнөдү.

    6:11 Ошентип, Теңирдин келишим сандыгы гаттык Абет-үдомдун үйүндө үч ай турду. Теңир Абет-үдомго жана анын бүт эй-бүлөсүнө батасын берди.

    Келишим сандыгын көчүрүп келүү

    6:12 Дөөт падышага: «Кудайдын келишим сандыгы үчүн Теңир Абет-үдомдун эй-бүлөсүнө жана анын бардык нерсесине батасын берди», – деп билдиришкенде, Дөөт барып, Кудайдын келишим сандыгын Абет-үдомдун үйүнөн Дөөттүн шаарына салтанат менен көчүрүп келди.

    6:13 Теңирдин келишим сандыгын көтөрүп бара жаткандар алты кадам шилтеген сайын ал бир букачар, бир койду курмандыкка чалып жатты.

    6:14 Дөөт Теңирдин алдында жан-дили менен бийлеп жатты. Дөөт зыгыр буласынан токулган эфод кийип жүргөн эле.

    6:15 Ошентип, Дөөт менен бүт Ысрайыл эли Теңирдин келишим сандыгын кубана кыйкырып, сурнай тартып көтөрүп келе жатышты.

    6:16 Теңирдин келишим сандыгы Дөөттүн шаарына киргенде, Шабулдун кызы Михал терезеден карап турган эле. Ал Теңирдин алдында секирип, бийлеп келе жаткан Дөөт падышаны көрүп, аны жүрөгүндө кемсинтти.

    6:17 Алар Теңирдин келишим сандыгын алып келишип, өзүнүн ордуна, Дөөт ал үчүн курган жыйын чатырынын ортосуна коюшту. Анан Дөөт Теңир алдында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалды.

    6:18 Дөөт бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалып бүткөндөн кийин, Себайот Теңирдин атынан элге бата берди.

    6:19 Анан ал бардык элге, көп сандаган Ысрайыл элине, эркек дебей, аял дебей, бирден нан, бир кесимден куурулган эт, мейиз кошулган бирден таттуу токоч таратты. Анан бардык эл өз үйлөрүнө тарады.

    6:20 Дөөт өз эй-бүлөсүнө бата берүү үчүн кайтып келгенде, Шабулдун кызы Михал алдынан чыгып: «Жел өпкө адамдай болуп, өз күңдөрүнүн, кулдарынын көз алдында жылаңачтанган Ысрайыл падышасынын бүгүн кадыры укмуш артты го!» – деди.

    6:21 Ошондо Дөөт Михалга мындай деди: «Теңирим мени сенин атаңдан, анын бүт тукумунан артык көрүп, Теңирдин эли Ысрайылга мени жол башчы кылып бекиткендиги үчүн Теңирдин алдында шаттанамын да бийлеймин.

    6:22 Мен мындан да төмөн болуп, өзүмдү санда жок киши кылам, бирок сен айткан күң аялдардын алдында даңкка бөлөнөм».

    6:23 Шабулдун кызы Михал өмүрү өткөнчө балалуу болгон жок.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск