Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    Дөөттүн ийбадаткана куруу жөнүндөгү ою

    7:1 Падыша өз үйүндө жашап жатты, Теңир анын айланасындагы бардык душмандарынан ага тынчтык берди.

    7:2 Ошол учурда падыша Натан пайгамбарга мындай деди: «Мен кедр жыгачынан салынган эйдө жашап жатам, ал эми Кудайдын келишим сандыгы чатырдын астында турат».

    7:3 Ошондо Натан падышага: «Жүрөгүңдө эмне болсо, ошонун баарын жаса, анткени Теңир сени менен», – деди.

    Кудайдын Дөөт менен келишим түзүшү

    7:4 Бирок ошол эле түнү Натанга Теңирден мындай сөз болду:

    7:5 «Баргын да, Менин кулум Дөөткө айт: “Теңир мындай деди де: "Мен жашай турган эйдү кура турган сенсиңби?

    7:6 Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыккан күндөн ушул күнгө чейин Мен эйдө жашаган жокмун, чатырда, жыйын чатырында жашап келдим.

    7:7 Бүткүл Ысрайыл уулдары менен кайсы гана жерде жүрбөйүн, Менин элим Ысрайылды кайтарууга өзүм дайындаган Ысрайылдын уруусуна: эмне үчүн Мага кедрден эй куруп бербейсиңер? – деп айттым беле?"”

    7:8 Азыр Менин кулум Дөөткө Себайот Теңир мындай дейт дегин: “Менин элим Ысрайылга жол башчы болушуң үчүн, Мен сени кой короодон алгам.

    7:9 Сен кайда барсаң да, бардык жерде сени менен болдум, сенин алдыңда бардык душмандарыңды кырдым. Сенин атыңды чыгарып, жер үстүндөгү улуу адамдар сыяктуу даңктуу кылдым.

    7:10 Мен өзүмдүн элим Ысрайыл үчүн жер даярдайм, аны жайгаштырам, ал өз жеринде бейпил жашайт, мындан ары үч ким анын тынчын албайт,

    7:11 өз элим Ысрайылга башкаруучуларды койгон күндөн тартып, кара ниет адамдар аларды кысымга алып келишкен, мындан ары андай болбойт. Мен сени душмандарыңдан куткарып, тынчтык берем. Теңир сенин үйүңдү өзү тургузарын сага кабарлайт.

    7:12 Сенин күнүң бүтүп, ата-бабаларың жаткан жайга кеткениңде, сенин ордуңа Мен сенин тукумуңду, уулдарыңдын бирин коём, анын падышачылыгын бекемдейм.

    7:13 Ал Менин ысымыма арнап эй тургузат, Мен анын падышачылык тагын түбөлүккө бекемдейм.

    7:14 Мен ага ата болом, ал Мага уул болот. эгерде ал күнөө кылса, Мен аны адамдардын таягы менен, адам баласынын соккулары менен жазалайм.

    7:15 Бирок Мен сенин көз алдыңда четке каккан Шабулду өз ырайымымдан ажыраткандай, аны өз ырайымымдан ажыратпайм.

    7:16 Менин алдымда сенин тукумуң жана падышачылыгың түбөлүккө бекем болот, тагың түбөлүккө турат”».

    7:17 Ушул айтылган сөздөрдүн баарын, ушул көрүнүштүн баарын Натан Дөөткө айтып берди.

    Дөөттүн сыйынуусу

    7:18 Дөөт падыша барды да, Теңирдин алдында туруп, мындай деди: «үгедер Теңирим, Сен мени ушунча көтөргүдөй, мен киммин, менин тукумум ким?

    7:19 Сенин көзүңө бул да аз көрүндү, эгедер Теңирим, бирок Сен өзүңдүн кулуңдун тукумунун келечеги жөнүндө да айттың. эгедер Теңирим, бул адам үчүн кадыресе нерсе эмес!

    7:20 Дөөт Сага дагы эмне деп айта алат? эгедер Теңирим! Сен өзүңдүн кулуңду билесиң.

    7:21 Сен бул улуу нерсенин баарын өз кулуңа ачып берип, өзүңдүн сөзүң боюнча жана өзүңдүн жүрөгүңдүн каалоосу боюнча ишке ашырып жатасың.

    7:22 Сен улуусуң, Теңирим, Кудайым, анткени өз кулагыбыз менен уккандарыбыз боюнча Сага тең келген үч ким жок, Сенден башка Кудай жок!

    7:23 Жер жүзүндө Сенин элиң Ысрайылдай эл барбы?! өзүңө эл кылып алыш үчүн, өз ысымыңды даңкташ үчүн, Мисир жеринен алып чыккан өз элиңдин алдында элдерди жана кудайларды кууп чыгып, улуу жана коркунучтуу иштерди кылыш үчүн, жалгыз ушул элге өзүң келгенсиң!

    7:24 Сен өз элиң Ысрайылды өзүңө менчик эл кылып түбөлүккө бекемдедиң, Сен, Теңир, анын Кудайы болдуң.

    7:25 үми Кудай-Теңир, өзүңдүн кулуң жөнүндө, анын тукуму жөнүндө айткан сөзүңдү түбөлүккө бекемде, айтканыңды аткар.

    7:26 “Себайот Теңир – Ысрайылдын Кудайы”, – деп, Сенин ысымыңды түбөлүккө даңазалашсын. Сенин алдыңда өз кулуң Дөөттүн тукуму бекем болсун.

    7:27 Сен, Себайот Теңир, Ысрайылдын Кудайы, өз кулуңа: “Сенин үйүңдү тургузам”, – деп айтканың үчүн кулуң Сага ушундай сыйынууга батынды.

    7:28 үгедер Теңирим! Сен Кудайсың, Сенин сөзүң чындык, өзүңдүн кулуңа Сен ушундай жакшы нерсени билдирдиң!

    7:29 Дайыма Сенин алдыңда болушу үчүн, ушул күндөн баштап, өз кулуңдун тукумуна батаңды бер, анткени муну эгедер Теңирим, Сен айттың, Сенин батаң менен өз кулуңдун тукуму түбөлүккө баталуу болот».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск