Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Царств 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    Дөөттүн жеңиштери

    8:1 Ушундан кийин Дөөт пелиштиликтерди жеңип, аларды багындырды. Дөөт пелиштиликтерден Метек-Ааманы тартып алды.

    8:2 Мааптыктарды жеңип, аларды жерге жаткырып, аркан менен ченеди. эки ченем аркандын астындагыларды өлтүрүү үчүн, ал эми бир ченем аркандын астындагыларды тирүү калтыруу үчүн ченеди. Ошентип, мааптыктар Дөөткө салык төлөөчү кулдарга айланышты.

    8:3 Дөөт эфрат дарыясынын боюна өзүнүн бийлигин калыбына келтирүү үчүн келе жаткан Соба падышасы, Рехоптун уулу Ададезердин аскерин талкалады.

    8:4 Ал анын бир миң жети жүз атчан жоокерин жана жыйырма миң жөө адамын колго түшүрдү. Алардын майдан арабаларын тарткан аттарынын ичинен өзүнүн жүз арабасы үчүн ат калтырып, калган аттардын тарамыштарын кесип салды.

    8:5 Сириянын Дамаск шаарынан Соба падышасы Ададезерге жардамга кишилер келишти, бирок Дөөт сириялыктардын да жыйырма эки миң адамын өлтүрдү.

    8:6 Дөөт Сириянын Дамаск шаарына сакчыларын койду. Ошентип, сириялыктар да Дөөткө салык төлөөчү кулдар болуп калышты. Дөөт кайда гана барбасын, Теңир аны бардык жерде сактап жүрдү.

    8:7 Дөөт Ададезердин кулдарынын алтын калкандарын алып, Иерусалимге алып келди.

    8:8 Ал эми Ададезердин Бетак жана Бейрот шаарларынан Дөөт падыша абдан көп жез алды.

    8:9 Дөөттүн Ададезердин бүт аскерин талкалаганын Хамат падышасы Той укту.

    8:10 Той Дөөттүн Ададезер менен согушуп, аны талкалагандыгы үчүн өзүнүн уулу Адорамды ага салам айтып куттуктоого жөнөттү, анткени Ададезер Той менен согуш жүргүзүп келген эле. Адорамдын колунда болсо күмүштөн, алтындан жана жезден жасалган идиштер бар эле.

    8:11-12 Дөөт падыша өзү жеңген элдерден: сириялыктардан, мааптыктардан, амондуктардан, пелиштиликтерден, амалыктыктардан, Соба падышасы Рехоптун уулу Ададезерден тартып алган күмүш менен алтынды Теңирге арнагандай, ошол идиштерди да Теңирге арнады.

    8:13 Туздуу өрөөнүндө он сегиз миң сириялыкты талкалап келгенден кийин, Дөөттүн атагы чыкты.

    8:14 Анан Дөөт эдомго сакчыларын койду. Бүткүл эдомго сакчыларын койду, бүткүл эдомдуктар Дөөткө кул болушту. Дөөт кайсы жерге барбасын, Теңир аны бардык жерде сактап жүрдү.

    8:15 Ошентип, Дөөт бүт Ысрайылга падышачылык кылды. Ал өз элин адилеттүүлүк жана калыстык менен башкарды.

    8:16 Серуянын уулу Жойап болсо аскер башчы болчу. Акилуттун уулу Жошапат тарыхчы эле.

    8:17 Акитуптун уулу Садок жана Абыйатардын уулу Акимелек ыйык кызмат кылуучулар, Серая болсо катчы болчу.

    8:18 Жойаттын уулу Беная болсо керейликтер менен пелейликтердин үстүнөн башкаруучу, Дөөттүн уулдары падыша сарайында биринчи кызматчылар эле.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск