Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Паралипоменон 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Рехабамдын Теңир жолунан четтеп кетиши

    12:1 Рехабамдын бийлиги чыңдалып, күч-кубаттуу болгон кезде, ал Теңирдин мыйзамдарын таштады жана аны менен кошо бүт Ысрайыл эли да таштады.

    12:2 Рехабамдын падышачылыгынын бешинчи жылында Мисир падышасы Шишак Иерусалимге каршы бет алды (анткени алар Теңирден четтеп кетишкен).

    12:3 Ал бир миң эки жүз майдан арабасы жана алтымыш миң атчан аскери менен кол салды. Аны менен кошо Мисирден эсепсиз көп луптуктар, суктуктар, эфиопиялыктар келишти.

    12:4 Ал Жүйүт аймагындагы чыңдалган шаарларды каратып алып, Иерусалимге келди.

    12:5 Ошондо Шишактан качып, Иерусалимге келген Жүйүт аймагынын төрөлөрүнө жана Рехабамга Шемая пайгамбар келип, мындай деди: «Теңир мындай дейт: “Силер Мени таштап койгондуктан, Мен силерди Шишактын колуна салып берем”».

    12:6 Ошондо жүйүт төрөлөрү менен падыша моюн сунуп: «Теңир адилет!» – дешти.

    12:7 Теңир алардын моюн сунганын көргөндө, Шемаяга Теңирден мындай деген сөз болду: «Булар моюн сунушту, аларды кырып жок кылбайм, жакында куткарам, Иерусалимге Шишактын колу менен каарымды төкпөйм.

    12:8 Бирок Мага кызмат кылуу кандай экенин жана жердеги падышаларга кызмат кылуу кандай экенин билиши үчүн, алар ага кул болушат».

    12:9 Мисир падышасы Шишак Иерусалимге кирип, Теңир үйүндөгү казыналар менен падыша үйүндөгү байлыктарды алды. Сулайман жасаган алтын калкандар менен буюмдардын бардыгын алды.

    12:10 Падыша Рехабам алардын ордуна жез калкандарды жасап, падыша үйүн кайтарган сакчылардын башчыларынын колуна берди.

    12:11 Падыша Теңир үйүнө киргенде, сакчылар аларды көтөрүп келип, кайра сакчылардын бөлмөсүнө алып кетишчү.

    12:12 Ал моюн сунгандан кийин, Теңир каарданганын токтотту, анын тукумун биротоло жок кылган жок, анткени Жүйүт аймагында жакшы нерсе бар эле.

    Рехабамдын көз жумушу

    12:13 Рехабамдын падышачылыгы чыңдалып, Иерусалимде падышачылык кыла берди. Рехабам падыша болгондо кырк бир жашта эле. Теңир өзүнүн ысымын орнотуш үчүн, Ысрайылдын бардык урууларынын ичинен өзү тандап алган Иерусалим шаарында он жети жыл бийлик кылды. Анын энесинин аты – Наама, ал амондук болчу.

    12:14 Ал жаман иштерди кылды, анткени жүрөгүн Теңирди издөөгө бурган жок.

    12:15 Рехабамдын алгачкы жана акыркы иштери Шемая пайгамбардын жазууларында жана көрөгөч Ыданын санжырасында жазылган. Рехабам өмүр бою Жаробам менен согушуп келди.

    12:16 Рехабам көз жумуп, ата-бабалары жаткан жайга кошулуп, Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Абиям падыша болду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск