Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Даниил 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Акыркы күндөр жөнүндө

    12:1 Ошол учурда өз элиңдин уулдары үчүн турган улуу төрө Михаел келет. Адам жаралгандан ушул мезгилге чейин болуп көрбөгөн оор мезгил келет. Бирок ошол учурда сенин элиңдин ичинен китепте жазылгандардын баары куткарылат.

    12:2 Топуракта уктап жаткандардын көбү ойгонот, бири түбөлүк жашаш үчүн, бири уятка калып, түбөлүк кордолуш үчүн ойгонот.

    12:3 Акылдуулар асман чырактарындай жаркырашат, көп адамдарды чындыкка бургандар кылымдан кылымга, түбөлүккө жылдыздай жаркырашат.

    12:4 Ал эми сен, Даниел, акыркы мезгилге чейин бул сөздөрдү жашырып кой, бул китепке мөөр басып кой. Аны көптөр окушат, билим көбөйөт».

    12:5 Ошондо мен, Даниел, карасам, башка эки адам туруптур, бири дарыянын берки жүүгинде, экинчиси дарыянын наркы жүүгинде.

    12:6 Алардын бири дарыянын үстүндө турган, зыгыр кездемеден кийим кийген адамдан: «Бул укмуштуу окуялардын акыры качан болот?» – деп сурады.

    12:7 Ошондо мен дарыянын үстүндө турган, зыгыр кездемеден кийим кийген адамдын оң колу менен сол колун асманга көтөрүп, Түбөлүк Жашоочунун ысымы менен мындай деп ант бергенин уктум: «Ушунун баары бир мезгилдин, мезгилдердин жана жарым мезгилдин акырында, ыйык элдин күчү таптакыр майтарылгандан кийин болот».

    12:8 Мен муну уктум, бирок түшүнгөн жокмун, ошондуктан: «Мырзам! Андан кийин эмне болот?» – деп сурадым.

    12:9 Ал мындай деп жооп берди: «Бар, Даниел, анткени бул сөздөр акыркы мезгилге чейин жашырылган, аларга мөөр басылган.

    12:10 Көптөр тазаланышат, агарышат жана кайрадан эритилишет. Мыйзамсыздар болсо мыйзамсыздык кылышат, муну мыйзамсыздардын үч кимиси түшүнбөйт, ал эми акылдуулар түшүнүшөт.

    12:11 Күн сайын чалынуучу курмандыктар токтотулуп, кыйратуучу жийиркенич орнотулгандан кийин, бир миң эки жүз токсон күн өтөт.

    12:12 Бир миң үч жүз отуз беш күн чыдап күткөн адам бактылуу.

    12:13 Сен болсо өмүрүңдүн акырына чейин барып, тынч ал, бирок акыркы күнү өзүңдүн элүшүңдү алыш үчүн тирилесиң».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск