Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Даниил 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Кийинки күндөрдүн падышалары жөнүндө пайгамбарчылык

    11:1 Падышачылыгынын биринчи жылынан тартып, мен мадайлык Дарийдин таянычы жана тиреги болдум.

    11:2 Азыр сага чындыкты билдирейин: Персиядан дагы үч падыша чыгат. Төртүнчүсү эбегейсиз байлыгы менен баарынан ашып түшкөн падыша болот. Ал байлыгы менен күч алганда, бардыгын Греция падышачылыгына каршы көтөрөт.

    11:3 Андан кийин күч-кубаттуу бир падыша чыгат, ал зор күчү менен бийлик жүргүзөт, өз эрки менен иш кылат.

    11:4 Бирок ал падыша чыкканда, анын падышачылыгы кыйрап, төрт бөлүккө бөлүнөт, падышачылык анын тукумуна өтпөйт, бийлик мурунку күчүн жоготот, анткени анын падышачылыгы бөлүнүп кетет, падышачылык алардан башкаларга өтөт.

    11:5 Анан түштүк падышасы күч алат, бирок аны өзүнүн төрөлөрүнүн бири жеңип чыгып, бийлик жүргүзө баштайт, анын бийлиги зор болот.

    11:6 Бирок бир нече жылдан кийин алар бири-бирине жакындашат, өз ара тынчтык мамилесин түзүш үчүн, түштүк падышасынын кызы түндүк падышасына келет. Бирок түштүк падышасынын кызы күчүн жоготот, анын тукуму да туруштук бере албайт, ал өзү да, анын жандоочулары да, анын баласы да, ошол учурда ага жардам бергендер да чыккынчылык менен өлтүрүлүшөт.

    11:7 Бирок анын тукумунан бир адам чыгып, аскерлерге келип, түндүк падышасынын чептүү шаарына кирип, салгылашып, жеңет.

    11:8 Ал турсун, алардын кудайларын, алардын жасалма кудайларын, кымбат баалуу алтын-күмүш идиштерин Мисирге алып кетет. Ал бир нече жыл түндүк падышасынан жогору турат.

    11:9 Ал түштүк падышасынын падышачылыгына чабуул коёт, бирок өз жерине кайтып келет.

    11:10 Андан кийин анын уулдары куралданып, көп сандаган аскер жыйнашат. Алардын бири ыкчам келип, кыяндай каптап өтөт, кайра келе жатканда, түштүк падышачылыгы менен анын чептүү шаарына чейин салгылашып жүрүп отурат.

    11:11 Түштүк падышасы каарданып, түндүк падышасы менен салгылашканы чыгып, сансыз аскерин коёт, бирок аскер түштүк падышасынын колуна салынып берилет.

    11:12 Түштүк падышасынын аскерлери кайраттанат, падышанын жүрөгү көтөрүлөт. Ал миңдеген аскерлерди сулатат, бирок күч-кубаттуу бойдон калбайт.

    11:13 Анткени түндүк падышасы кайрылып келип, мурунку аскерге караганда көп аскер коёт; бир нече жылдан кийин сансыз аскер менен, көп байлык менен келет.

    11:14 Ошол учурда түштүк падышасына көптөр каршы чыгышат, көрүнүш аткарылышы үчүн, сенин элиңдин козголоңчул уулдары да ага каршы көтөрүлүшөт, бирок кулап калышат.

    11:15 Ошондо түндүк падышасы келип, жал куруп, чептүү шаарды эүлеп алат. Түштүк падышачылыгы да, анын тандалма аскерлери да туруштук бере алышпайт, каршы турууга күчтөрү жетпей калат.

    11:16 Ким ага каршы чыкса, анын эрки менен иш-аракет кылат, үч ким ага туруштук бере албайт. Даңктуу жерге өзүнүн кошуунун коёт, ал жер анын колунан жабыр тартат.

    11:17 өз падышачылыгынын бүт күчү менен, өзүнүн адилдери менен басып кирүүнү ойлоп, аны жүзөгө ашырат. Аны өлтүрүш үчүн, ага өзүнүн кызын аялдыкка берет, бирок бул ою ишке ашпайт, ал андан пайда таппайт.

    11:18 Андан кийин жүзүн аралдарга буруп, алардын көбүн эүлеп алат. Бирок кайсы бир жол башчы анын шылдыңын токтотот, ал тургай, шылдыңын өз башына салат.

    11:19 Андан кийин ал өз жүзүн өз жериндеги чептерге бурат, бирок мүдүрүлүп жыгылып, жок болот.

    11:20 Анын ордуна башка падыша келет, ал даңктуу падышачылыкты аралап чыгууга салык жыйноочуну жиберет, бирок ал да козголоңсуз эле, согушсуз эле бир аз күндөн кийин өлөт.

    Сириянын адилетсиз падышасы

    11:21 Анын ордуна жек көрүндү падыша келет, ага падышачылык урмат-сый көрсөтүшпөйт, бирок ал чуусуз келип, падышачылыкты айла-амал менен эүлеп алат.

    11:22 Ал селдей каптаган сан жеткис аскерди селдей каптап кыйратат, атүгүл, келишимдин башчысын да кыйратат.

    11:23 Анткени ал аны менен келишим түзгөндөн кийин, алдамчылык менен иш жүргүзөт, анан чыгып, аз сандагы эл менен жеңишке эү болот.

    11:24 Ал өлкөнүн тынч жаткан түшүмдүү жерлерине кирип, ата-бабалары да кылбаган иштерди кылат. Олжону, талап-тоноп алган мал-мүлктү, байлыкты өзүнүн кишилерине чачып жок кылат, чептерди да кыйратууну ойлойт, бирок ал ою белгилүү бир убакытка чейин эле ишке ашат.

    11:25 Андан кийин өз күчүн жана өз рухун козгоп, көп сандаган аскерлери менен түштүк падышасына каршы чыгат. Түштүк падышасы көп сандаган, аныкынан күчтүү аскерлери менен согушка чыгат, бирок туруштук бере албайт, анткени ага каршы айла-амал уюштурулат.

    11:26 Атүгүл, аны менен дасторкондо чогуу отургандар да аны өлтүрүүнү ойлошот, анын аскери талкаланат, өлтүрүлгөндөр көп болот.

    11:27 Бул эки падышанын тең жүрөктөрүндө арам ой болот, бир дасторкондо отуруп, жалган сүйлөшөт, бирок ийгиликке жетишпейт, анткени алардын акыры бир убакытка белгиленген.

    11:28 Ал өз жерине өтө көп байлык менен, ыйык келишимге карата жаман ой менен жөнөйт, ал аны аткарып, өз жерине кайтат.

    11:29 Белгиленген убакытта ал кайрадан түштүк падышачылыгына барат, бирок акыркы жортуулу мурункудай болбойт.

    11:30 Анткени ага каршы Китим кемелери келет; анын шаабайы сууп, артка кетет, ыйык келишимге каарданып, өзүнүн оюн ишке ашырат, ыйык келишимден баш тарткандар менен кайрадан келишим түзөт.

    11:31 Ал аскерлеринин бир бөлүгүн коюп, чепти, ыйык жайды булгайт, күн сайын чалынуучу курмандыкты токтотуп, кыйратуучу жийиркеничти орнотот.

    11:32 Келишимге каршы мыйзамсыздык кылгандарды ал кошоматтык менен өзүнө тартып алат. Бирок өз Кудайын урматтаган адамдар күч алып, каршылык көрсөтүшөт.

    11:33 үлдин ичиндеги акылдуу адамдар кылычтан жана оттон, туткундан жана талап-тоноодон бир нече убакыт азап тартышарына карабастан, көптөрдү акылына келтиришет.

    11:34 Азап тартып жатышканда, аларга бир аз жардам болот, аларга көптөр кошулушат, бирок анткордук менен.

    11:35 Акылдуу адамдардын ичинен күү бирлери акыркы күн келгенге чейин сыналыш үчүн, күнөөдөн тазаланыш үчүн, агарыш үчүн азап тартышат, анткени белгиленген мөөнөткө чейин дагы убакыт бар.

    11:36 Ал падыша өзү каалагандай иш жүргүзөт, менменсинип, өзүн бардык кудайлардан жогору коёт, кудайлардын Кудайы жөнүндө жаман сөздөрдү сүйлөйт, каар төгүлгөнгө чейин, ал ийгиликке жетет, анткени алдын ала эмне белгиленсе, ошол ишке ашат.

    11:37 Ал өз ата-бабаларынын кудайлары жөнүндө да, аялдардын каалоосу жөнүндө да ойлобойт, үч бир кудайды сыйлабайт, анткени өзүн бардыгынан жогору коёт.

    11:38 Бирок анын ордуна күчтүн кудайына урмат көрсөтөт, ата-бабалары билбеген ал кудайга алтын-күмүштөр менен, асыл таштар менен, ар кандай кымбат баалуу буюмдар менен урмат көрсөтөт.

    11:39 Чоочун кудайдын урматына бекем чеп тургузат: аны кабыл алгандардын даражасын көтөрүп, көп элдин үстүнө бийликке коёт, жерди сыйлык катары бөлүп берет.

    11:40 Мезгилдин акырында аны менен түштүк падышасы салгылашат, түндүк падышасы майдан арабалары, атчан аскерлери жана көп сандаган кемелери менен ага каршы бороондой көтөрүлүп келип, өлкөлөргө кол салып, аларды ташкындай каптап, тебелеп-тепсеп өтүп кетет.

    11:41 Анан ал эң жакшы жерге кирет, көптөгөн өлкөлөр жабыр тартат, анын колунан эдом, Маап жана Амон уулдарынын чоң бөлүгү гана кутулат.

    11:42 Ал өзүнүн колун ар кайсы өлкөлөргө каршы сунат. Мисир жери да кутулбайт.

    11:43 Ал Мисирдин казынадагы алтын-күмүшүн, бардык байлыгын эүлеп алат. Анын артынан луптуктар менен эфиопиялыктар эүрчишет.

    11:44 Бирок чыгыштан жана түндүктөн угулган кабарлар анын тынчын алат, ошондо ал катуу каарданып, көп элдерди кырып жок кылуу үчүн чыгат.

    11:45 Анан ал өзүнүн падыша чатырларын деңиз менен даңктуу ыйык жай турган тоонун ортосуна тигет. Бирок анын акыры келет, ага үч ким жардам бербейт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск