Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Даниил 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    Кудайдын даңкы жөнүндөгү көрүнүш

    10:1 Персия падышасы Корештин падышачылыгынын үчүнчү жылында Белтешатсар деген да ысымы бар Даниел бир аян алды. Бул аян чындык эле жана чоң күчкө эү эле. Ал бул аянды түшүндү, бул көрүнүштү баамдады.

    10:2 Бул күндөрү мен, Даниел, үч жума кайгыга баттым.

    10:3 Yч жума өткөнчө, даамдуу тамак жебедим, эт менен шарапты оозума албадым, жыпар жыттуу майлар менен майланган жокмун.

    10:4 Ал эми биринчи айдын жыйырма төртүнчү күнү мен Тигир деген чоң дарыянын жүүгинде элем.

    10:5 Башымды көтөрүп, зыгыр кездемеден кийим кийген, белин Упаздын алтыны менен курчаган бир кишини көрдүм.

    10:6 Анын денеси топаз ташындай, жүзү чагылгандай, көздөрү күйүп турган чырактай, колдору менен буттарынын көрүнүшү жалтылдаган жездей, үнү топ адамдын үнүндөй экен.

    10:7 Мен, Даниел, бул көрүнүштү жалгыз мен көрдүм, менин жанымдагы кишилер бул көрүнүштү көрүшкөн жок. Бирок аларды чоң коркунуч басты, алар жашыныш үчүн качып кетишти.

    10:8 Мен жалгыз калып, бул улуу көрүнүштү карап турдум, бирок күч-кубаттан тайдым, өңүм абдан бузулду, шайым кетти.

    10:9 Анан мен анын үнүн уктум. Анын үнүн укканымда, өзүмдү жоготуп, жүзтөмөндөп жыгылдым, жерде бетим менен жаттым.

    10:10 Бирок ал мага колун тийгизип, мени тиземе тургузуп, алаканым менен жер таянтып койду.

    10:11 Анан ал мага: «Даниел, эң сүйүктүү адам! Сага айта турган сөздөрдү түшүн, түз тур, анткени азыр мен сага жиберилдим», – деди. Ал мага бул сөздөрдү айтканда, мен титиреп, ордуман турдум.

    10:12 Бирок ал мага мындай деди: «Коркпо, Даниел, жүрөгүңдү акылмандыкка жетүүгө жана Кудайыңдын алдында өзүңдү моюн сундурууга бурган күндөн тартып эле сенин сөздөрүң угулган. Ошондо эле мен сенин сөздөрүң боюнча келмекмин,

    10:13 бирок Персия падышачылыгынын төрөсү мага жыйырма бир күн каршы турду. Башкы төрөлөрдүн бири Михаел мага жардам бериш үчүн келгенге чейин, мен ошол жерде, Персия падышаларынын жанында кармалып калдым.

    10:14 Азыр болсо сага акыркы күндөрү сенин элиң эмне болорун билдиргени келдим, анткени көрүнүш акыркы күндөргө тиешелүү».

    10:15 Ал мага ушундай сөздөрдү айтып жатканда, мен жүзтөмөндөп жыгылып, сүйлөй албай калдым.

    10:16 Бирок ошондо адам баласына окшогон бирөө оозума колун тийгизди. Мен оозумду ачып, сүйлөй баштадым, анан алдымда турганга мындай дедим: «Мырзам! Бул көрүнүштөн менин ички дүйнөм аңтарылып кетти, алсырап калдым.

    10:17 Мырзам, мен, сенин кулуң, сендей мырзам менен кантип сүйлөшө алат? Анткени менде күч жок, демим чыкпай калды».

    10:18 Ошондо адам баласына окшогон ал кайрадан колун тийгизип, мага күч берди.

    10:19 Анан мындай деди: «Коркпо, эң сүйүктүү адам! Сага тынчтык болсун. Кайраттан, кайраттан!» Ал мени менен сүйлөшүп жатканда, мен күчүмө кирип: «Сүйлөй бер, мырзам, анткени сен мага күч бердиң», – дедим.

    10:20 Ошондо ал мындай деди: «Мен сага эмне үчүн келгенимди билесиңби? Азыр мен Персия төрөсү менен салгылашканы жөнөйм. Мен кеткенде, Грециянын төрөсү келет.

    10:21 Ошондой болсо да мен сага чыныгы жазууда эмне жазылганын билдирем. Аларга каршы салгылашта мага силердин төрөңөр Михаелден башка жардам бере турган үч ким жок.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск