Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Даниил 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Даниелдин Ысрайыл эли жөнүндө сыйынуусу

    9:1 Каздим падышачылыгынын үстүнө падыша болуп коюлган, Мадай уруусунан чыккан Акашбейрош уулу Дарийдин падышачылыгынын биринчи жылында

    9:2 мен, Даниел, китептерден, Теңирдин Жеремия пайгамбарга айткан сөзүнөн Иерусалим жетимиш жыл эүн каларын түшүндүм.

    9:3 Ошондо мен орозо кармап, зумбал кийип, башыма күл чачып, Кудай-Теңирге жүзүмдү буруп сыйындым, жалындым.

    9:4 Мен Кудай-Теңириме сыйынып, күнөөлөрүмдү ачык айтып кечирим сурап, мындай дедим: «өзүн сүйгөндөргө жана өзүнүн буйруктарын аткаргандарга келишимди жана ырайымды сактаган, улуу жана коркунучтуу Кудай-Теңир!

    9:5 Биз күнөөгө баттык, мыйзамсыз, адилетсиз иштерди кылдык, өжөрлөнүп, Сенин осуяттарың менен мыйзамдарыңдан баш тарттык.

    9:6 Падышаларыбызга, төрөлөрүбүзгө, ата-бабаларыбызга, өлкөнүн бардык элине Сенин ысымыңдан сүйлөгөн Сенин кулдарыңды – пайгамбарларды уккан жокпуз.

    9:7 Теңир, адилеттик Сенде, ал эми бүгүн биз – ар бир жүйүт, Иерусалим тургундары жана Сага ишенимсиз болгону үчүн өзүң кууп жиберген, жакынкы жана алыскы жерлердеги, бардык өлкөлөрдөгү бүт Ысрайыл эли уят болдук.

    9:8 Теңир! Биз – падышаларыбыз да, төрөлөрүбүз да, ата-бабаларыбыз да уят болдук, анткени биз Сенин алдыңда күнөөгө баттык.

    9:9 Биздин Кудай-Теңирибиз боорукер жана кечиримдүү. Биз болсо Ага каршы чыктык,

    9:10 Кудай-Теңирибиздин үнүнө кулак салган жокпуз, өзүнүн кулдары – пайгамбарлар аркылуу берген мыйзамдары менен жүргөн жокпуз.

    9:11 Бүт Ысрайыл Сенин мыйзамыңды бузуп, андан баш тартты, Сенин үнүңө кулак салган жок. Ошон үчүн Кудайдын кулу Мусанын мыйзамында жазылган каргыш тийип, ант аткарылды, анткени биз Ага каршы күнөөгө баттык.

    9:12 Ал бизге жана бизди башкарып турган башкаруучуларга каршы айткан өзүнүн сөзүн аткарып, башыбызга чоң алаамат түшүрдү. Андай алаамат, Иерусалимдин үстүнө түшкөндөй алаамат, асман астында болгон эмес.

    9:13 Мусанын мыйзамында жазылгандай, бүт алааматтын баары башыбызга түштү. Бирок биз өзүбүздүн мыйзамсыз иштерибизден бурулуш үчүн, Сенин чындыгыңды түшүнүш үчүн, Кудай-Теңирибизге жалынган жокпуз.

    9:14 Теңир ошол алааматты көзөмөлгө алып, аны биздин үстүбүзгө каптатты. Анткени биздин Кудай-Теңирибиз өзү жүзөгө ашырып жаткан бардык иштеринде адилет, биз болсо Анын үнүн уккан жокпуз.

    9:15 өз элин Мисир жеринен күчтүү колу менен алып чыккан, атүгүл, бүгүнкү күнгө чейин өз даңкын көрсөтүп келе жаткан биздин Кудай-Теңирибиз, биз күнөөгө баттык, мыйзамсыз иштерди кылдык.

    9:16 Теңир! өзүңдүн адилеттигиң боюнча өзүңдүн шаарың Иерусалимге, өзүңдүн ыйык тооңо болгон каарың кайтса экен, ачууң тараса экен, анткени биздин күнөөлөрүбүз үчүн, биздин ата-бабаларыбыздын мыйзамсыздыктары үчүн Иерусалим менен өзүңдүн элиң тегерегиндеги элдердин баарына шылдың болду.

    9:17 Кудайыбыз, азыр да өзүңдүн кулуңдун сыйынуусу менен жалынуусун ук. Теңир, эүн калган ыйык жайыңды өзүң үчүн өзүңдүн жарык жүзүң менен кара.

    9:18 Кудайым, кулагыңды төшөп, уга көр. Көзүңдү ачып, биздин кыйраганыбызды жана өзүңдүн ысымың менен аталган шаарды кара, анткени биз өзүбүздүн адилдигибизге эмес, Сенин улуу ырайымыңа таянып, Сенин алдыңа өзүбүздүн сыйынууларыбызды алып келебиз.

    9:19 Теңир, уга көр! Теңир, кечире көр! Теңир, кулак төшөп, аткара көр! Кудайым, өзүң үчүн создуктурба, анткени Сенин шаарың да, Сенин элиң да өзүңдүн ысымың менен аталган».

    Пайгамбарчылыктын түшүндүрмөсү

    9:20 Мен сүйлөп жатканда, сыйынып, өз күнөөм үчүн, өз элим Ысрайылдын күнөөсү үчүн кечирим сурап жатканда, Кудай-Теңиримдин алдына Кудайымдын ыйык тоосу жөнүндөгү сыйынуумду алып келип жатканда,

    9:21 сыйынуумду улантып жатканымда, мен мурунку көрүнүштө көргөн Жебирейил тез учуп келип, кечки курмандык чалуу убагына жакын мага колун тийгизип,

    9:22 акыл айтып, мени менен сүйлөшүп, мага мындай деди: «Даниел! Мен азыр сага акыл айтуу үчүн келдим.

    9:23 Сен сыйына баштаганыңда, мага сөз айтылды, мен аны сага айтканы келдим, анткени сен эң сүйүктүү адамсың. Ошондуктан сөздү дит коюп угуп, көрүнүштү түшүн.

    9:24 Сенин элиң үчүн жана сенин ыйык шаарың үчүн жетимиш жума белгиленди. Ал кылмыш жабылышы үчүн, күнөөлөргө мөөр басылышы үчүн, мыйзамсыздыктар өчүрүлүшү үчүн, түбөлүк чындык келиши үчүн, көрүнүшкө жана пайгамбарчылыкка мөөр басылышы үчүн, ыйыктардын Ыйыгы майланышы үчүн белгиленди.

    9:25 Ошондуктан билип, түшүнүп ал: Иерусалимди кайра калыбына келтирүү жөнүндө буйрук чыккан убакыттан эгедер Машайак келгенге чейин жети жума жана алтымыш эки жума өтөт. Ошондо эл кайрылып келет, көчөлөр менен дубалдар кайра курулат, бирок бул кыйын мезгилдерде болот.

    9:26 Алтымыш эки жума өткөндөн кийин, Машайак өлүм жазасына тартылат, Ал жок кылынат. Ал эми шаар менен ыйык жайды келе турган бир аскер башчынын эли талкалайт, ал ташкындан кыйрагансып кыйрайт, кыйроолор согуштун аягына чейин болот.

    9:27 Ошондон кийин ал көп элдер менен түзгөн келишимди бир жуманын ичинде күчүнө киргизет, ал эми жуманын ортосунда курмандык чалууну, тартуу алып келүүнү токтотот, ыйык жайга кыйратуучу жийиркенич орнотулат, алдын ала белгиленген толук кыйроо кыйратуучунун өз башына келет».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск