Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 23

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    23-БөЛЄМ

    Жүрүм-турум жөнүндө ар кандай мыйзамдар

    23:1 Кимдин энеги зыянга учураган болсо же бала төрөтө турган мүчөсү бычылып калса, ал Теңирдин жамаатына кирбесин.

    23:2 Никесиз төрөлгөн бала да Теңирдин жамаатына кирбесин, анын онунчу мууну да Теңирдин жамаатына кирбесин.

    23:3 Амондуктар менен мааптыктар да Теңирдин жамаатына кирбесин, алардын онунчу мууну да Теңирдин жамаатына кирбесин.

    23:4 Анткени силер Мисирден чыкканда, алар силерди нан, суу менен тосуп алышкан эмес, сени каргаш үчүн, Месопотамиянын Пыторунан Бейор уулу Биламды алар сага каршы жалдашкан.

    23:5 Бирок Кудай-Теңириң Биламды уккусу келген жок. Кудай-Теңириң анын каргышын батага айлантты, анткени Кудай-Теңириң сени сүйөт.

    23:6 өмүрүң өткөнчө аларга тынчтык да, ийгилик да каалаба.

    23:7 үдомдуктарды жек көрбө, анткени алар сенин бир туугандарың. Мисирликтерди да жек көрбө, анткени сен алардын жеринде келгин болгонсуң.

    23:8 Алардын үчүнчү муунунан төрөлгөн балдар Теңирдин жамаатына кире алат.

    23:9 Душманыңа каршы согушка бет алганыңда, бардык жаман нерселерден сактан.

    23:10 үгерде түнкү окуядан улам кимдир бирөө таза эмес болуп калса, анда ал стандын сыртына чыксын, станга кирбесин.

    23:11 Кеч киргенде денесин сууга жуусун. Станга күн батканда кирсин.

    23:12 Чыга турган жериң стандын сыртында болсун.

    23:13 Куралыңдан тышкары күрөгүң да болсун. Стандын сыртына чыкканыңда, чуңкур казып отур да, чыккан нерсени көмүп сал.

    23:14 Анткени Кудай-Теңириң сени куткарыш үчүн жана душмандарыңды колуңа салып бериш үчүн, станыңды аралап жүрөт, ошондуктан Ал сенин таза эмес бир нерсеңди көрүп, сенден кетип калбашы үчүн, станың ыйык болсун.

    23:15 Кожоюнунан качып келген кулду кожоюнуна кармап бербе.

    23:16 Ал сен жашаган жердин кайсы жерин жактырып тандап алса, ошол жерде, силердин араңарда жашай берсин, аны кысымга алба.

    23:17 Ысрайыл кыздарынын арасында бузулган кыз, Ысрайыл уулдарынын арасында бузулган уул болбосун.

    23:18 Бузулган аялдын же бузулган эркектин кайсы убада боюнча болбосун алып келген нерсесин Кудай-Теңириңдин үйүнө киргизбе, анткени Кудай-Теңириңдин алдында экөөнүкү тең жийиркеничтүү.

    23:19 Бир тууганыңа карызга күмүш же дан берсең, үстөк кошуп алба.

    23:20 Сен эүлегени бара жаткан жерде Кудай-Теңириң бардык иштериңе батасын бериши үчүн, бөтөн жерликтен үстөк алсаң ал, бирок бир тууганыңдан алба.

    23:21 үгерде Кудай-Теңириңе убада берсең, аны кечиктирбей аткар, анткени Кудай-Теңириң аны сенден төлөтүп алат, сенин мойнуңда күнөө калат.

    23:22 үгерде убада бербесең, анда күнөөлүү болбойсуң.

    23:23 Оозуңдан чыкканды бек кармап, так аткар, анткени Кудай-Теңириңе өз каалооң менен тартуу берем деп, өз оозуң менен убада бергенсиң.

    23:24 Бирөөнүн жүзүмзарына кирсең, анын мөмөсүнөн каалашынча же, бирок идишиңе салып алба.

    23:25 Бирөөнүн эгин талаасына барсаң, машактарынан колуң менен эзүп ал, бирок орок менен оруп алба.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск