Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 24

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    24-БөЛЄМ

    Мусанын ажырашуу жөнүндө берген мыйзамы

    24:1 Ким аял алып, анан аялынын бир жаман жагын көрүп калып, аны жактырбай калса, анда ага талак кат жазып, колуна берип, үйүнөн чыгарып жиберсин.

    24:2 Аялы анын үйүнөн кетип, башка күйөөгө тийип алса,

    24:3 бирок кийинки күйөөсү да аны жаман көрүп, талак кат жазып, колуна берип, үйүнөн чыгарып салса же өлүп калса,

    24:4 анда аны коё берген биринчи күйөөсү булганып калган аялын кайра албасын, анткени бул Теңирдин алдында жийиркеничтүү. Кудай-Теңириң энчиңе берип жаткан жерди булгаба.

    24:5 Ким жакында эле үйлөнсө, анда ал согушка барбасын, анын мойнуна үч нерсе жүктөлбөсүн. Ал өз үйүндө бир жыл бош болуп, алган аялынын көңүлүн ачсын.

    24:6 үч ким жаргылчактын үстүнкү же астынкы ташын күрөөгө албасын, анткени ал жанды күрөөгө алган болуп калат.

    24:7 Ким өз бир тууганы болгон Ысрайыл уулдарынын ичинен бирөөнү уурдап алып, аны кул кылып алса, же сатып жиберсе, анда андай ууруну өлтүрүш керек. өз элиңдин ичиндеги жамандыкты ушинтип жок кыл.

    24:8 Байкагын, ыйык кызмат кылуучу лебилер эйрөткөн пес оорусу жөнүндөгү мыйзамдын баарын так аткар. Мен аларга буйруганды так аткаргыла.

    24:9 Силер Мисирден чыгып келе жатканда, Кудай-Теңириңер Мириямды эмне кылганын эсиңерден чыгарбагыла.

    24:10 үгерде сен жакыныңа карызга бир нерсе берсең, анын үйүнө күрөө алыш үчүн кирбе.

    24:11 Сыртта тура турсаң, сен карыз берген киши күрөөсүн сыртка алып чыгып берет.

    24:12 үгерде ал жарды болсо, анын күрөөсүн таң атканга чейин калтырба.

    24:13 Ал өз кийими менен жатып, сага батасын бериши үчүн, күрөөсүн күн батканча кайтарып бер. Кудай-Теңириң муну сага адилеттик катары эсептейт.

    24:14 Сенин жериңде жашаган келгиндердин же бир туугандарыңдын арасындагы жалчыны, жардыны, жакырды кысымга алба.

    24:15 Анын акысын ошол эле күнү, күн батканча бер, анткени ал жарды, ал акыга зар болуп турат. Ал сен үчүн Теңирге зарлап жибербесин, сен күнөөкөр болуп калба.

    24:16 Балдары үчүн атасы, атасы үчүн балдары өлүм жазасына тартылбасын. өлүм жазасына ар ким өз күнөөсү үчүн тартылсын.

    24:17 Келгин менен жетимдин ишин бурмалап соттобо, жесирдин кийимин күрөөгө алба.

    24:18 Сен да Мисирде кул болгонуңду, ал жерден сени Теңир алып чыкканын эсиңден чыгарба. Ошон үчүн мен сага ушуларды кылууну буйруп жатам.

    24:19 Талаадан эгин оруп, боологон бооңду унутуп калсаң, аны алууга кайрылып барба. Кудай-Теңириң бардык иштериңе батасын бериши үчүн, аны келгинге, жетимге, жесирге калтыр.

    24:20 Зайтун дарактарыңдын жемишин жыйнаганда, калгандарын кайра терип алба. Ал келгинге, жетимге, жесирге калсын.

    24:21 Жүзүм тергенде, калып калгандарын кайра терип алба. Ал келгинге, жетимге, жесирге калсын.

    24:22 өзүңдүн Мисир жеринде кул болгонуңду эсиңден чыгарба, ошондуктан мен сага ушуларды буйруп жатам.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск