Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 25

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    25-БөЛЄМ

    Ар кандай мыйзамдар

    25:1 үгерде эки адамдын ортосунда чатак болсо, алардын ишин башкаруучулар териштиришсин. Алар иши акты актап, иши караны айыпташсын.

    25:2 үгерде айыпкер балак алууга татыктуу болсо, анда башкаруучу өзүнүн көзүнчө андан айыбына жараша балак алдырсын.

    25:3 Андан кырктан ашык балак алынбасын. эгерде ашык балак алынса, сенин алдыңда бир тууганың кемсинтилген болот.

    25:4 үгин бастырып жаткан өгүзүңдүн оозун таңба.

    25:5 үгерде эки бир тууган бирге жашап, анын бири бала көрбөй өлүп калса, анда өлгөндүн аялы бөтөн кишиге турмушка чыкпасын. Кайын агасы болобу, кайын иниси болобу, аны алып, аны менен жашасын.

    25:6 өлгөн бир тууганынын аты Ысрайыл элинин арасынан өчпөшү үчүн, анын тун баласы өлгөн бир тууганынын баласы болуп эсептелсин.

    25:7 үгерде ал жесир келинин же жеңесин алгысы келбесе, жесир жеңеси же келини дарбаза алдына, аксакалдарга барып: “Кайним (кайнагам) менден баш тартып, өз бир тууганынын атын Ысрайыл арасынан өчүргөнү жатат, мени алгысы келбей жатат”, – десин.

    25:8 Ошондо шаардын аксакалдары аны чакыртып алып, көндүрүшү керек. эгерде ал: “Аны алгым келбейт”, – деп туруп алса,

    25:9 анда жеңеси (келини) аксакалдардын көзүнчө ага басып барып, өтүгүн чечип алып, бетине жаба түкүрүп: “өз бир тууганынын тукумун улантпаган кишини ушундай кылат”, – десин.

    25:10 Ысрайылда ага “Жылаңаяктын үйү” деген ат коюшат.

    25:11 үркектер өз ара мушташып жатканда, биринин аялы уруп жаткандын колунан өз күйөөсүн чыгарып алыш үчүн, тигинин жан жерин кармап алса,

    25:12 анда аялдын колун кесип сал. Ага бооруң ачыбасын.

    25:13 Баштыгыңа эки башка салмактагы, чоң жана кичинекей тараза таштарын салба.

    25:14 Сенин үйүңдө сыйымдуулугу эки башка, чоң жана кичине болгон эйфа болбосун.

    25:15 Кудай-Теңир берип жаткан жерде узак өмүр сүрүшүң үчүн, тараза ташың да, эйфаң да так жана туура болсун.

    25:16 Анткени ушундай жалган иш кылган адам Кудай-Теңириңдин алдында жийиркеничтүү.

    25:17 Силер Мисирден чыгып келе жатканда, амалыктыктардын силерге эмне кылганын эсиңерден чыгарбагыла.

    25:18 Ал сени жолдо кандай тосконун, чарчап-чаалыгып келе жатканыңда, Кудайдан коркпой, сенин артыңда алсырап калгандарды өлтүргөнүн эсиңден чыгарба.

    25:19 Ошондуктан Кудай-Теңириң берип жаткан жерди эүлеп алганыңда, Кудай-Теңириң сени тегерегиңдеги бардык душмандарыңдан куткарып, сага тынчтык бергенде, амалыктыктарды жер үстүнөн жок кыл, унутпа.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск